«Китаб Футух ал-Булдан» («Жорук китеби») — тарыхый чыгарма. Автору — Абу-л-Аббас Ахмед ал-Белазуриддин. Чыгарманын ар бир главасы хронол. тартипте жазылган. Эмгекте арабдардын Хоросан менен Мавераннахрга жасаган жортуулдары, Араб халифатынын тарыхы, экономикасы жана маданияты, аскер күчү, соода катнашы, салыктары тууралуу маалыматтар бар. Орто Азиядагы түргөштөрдүн арабдарга каршы күрөшү, араб кол башчысы Кутейбанын Шаш менен Испиджабга жасаган жортуулдары жана орто кылымдагы Түркстан аймагы тууралуу баалуу маалыматтар камтылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү