Башбаракты ачуу

«Кыргыздар» — белгилүү орус тарыхчысы-чыгыш таануучу, түрколог, академик В. В. Бартольддун өмүрүнүн соңку мезгилиндеги эмгеги. Кыргыз АССРинин Эл агартуу комиссариатынын өтүнүчү боюнча жазылган. Биринчи жолу 1927-ж. жарык көрүп, 1943-ж. кыргыз тилинде чыккан. Бул эмгекти жазууда автор мурда белгилүү болгон жана жаңы табылган чыгыш кол жазмаларын, ошондой эле араб-фарсы тилиндеги жазма булактардан маалыматтарды пайдаланып, байыркы кол жазмаларда эскерилген «кыргыз» этноними төгүн жерден жаралбагандыгын белгилеген. «Кыргыздар» ырааттуу жылнаамалар боюнча берилип, 7 бөлүмдөн турат. 1-бөлүмүнө эң байыркы маалыматтар берилип, анда кытай тарыхындагы (Сыма Цянь, Хан тарыхы) кыргыздар (гэгунь, гяньгунь) жана алардын байыркы замандан биздин замандын 6-кылымына чейинки тарыхы камтылып, Орто Азия элдеринин ичинен тарыхта аты ушунча эрте кезиккен бир да эл болбогондугун далилдеген. 2бөлүмүндө кытай жылнаамасында (Тан-шу) кезиккен 6-9-кылымдагы кыргыздар (хягас, цзегу), алардын башка уруулар (динлин, аз, бома, сеяньто, уйгур, чик, курыкан, жана башка) менен этностук-саясий алакалары жөнүндө маселелер каралган. 3-бөлүмүндө кытай тарыхы (Тан-шу) жана араб, фарсы авторлорунун (Гардизи, Махмуд Кашгари, Худуд ал-Алам) маалыматтарында 9-10-кылымдагы кыргыздар (хирхиз), кыргыздардын Улуу державасы, жайгашкан аймагы, бөлөк уруулар (карлук, түргөш, чигил, кимак, тухси, ягма жана башка) менен болгон мамилелери, кыргыздар менен мусулмандардын ортосундагы карымкатнаштар, соода байланыштары жана башка баяндалган. 4-бөлүмүндө Енисей кыргыздарынын 10-к-дан кийинки тарыхы, моңголдордун кыргыздарды багындырышы жана башка кытай (Цзинь-ши, Юань-ши), фарсы (Жувейни, Рашид ад-Дин) маалыматтарында баяндалган. Жакында ушул 4-бөлүмдөгү кыргыздарга таандык маалыматтарды тастыктаган дагы бир тарыхый жазма дарек жарык көрдү: Сайшиялдын эски моңголчодон которулган «Чынгызхан жөнүндө баян» (Улан-Уде, 2006) аттуу эмгеги, анда түштүк Сибирди мекендеген ойроттор менен кыргыздарды Жучинин аскерлери кандайча караткандыгы жөнүндө кеңири маалымат берилет. 5-бөлүмүндө 16-17-кылымдагы теңир-тоолук (кыскасы Моголстан) кыргыздар жөнүндө маалыматтар бар. Аны жазууда В. Бартольд негизинен Мухаммед Хайдар, Махмуд ибн-Вали жана башкалардын эмгектериндеги тарыхый кабарларды пайдаланып, кыргыздардын могол хандары менен болгон мамилеси, аларга каршы кыргыз-казак биримдиги жана Теңир-Тоо кыргыздарынын этногенезине байланышкан айрым маалыматтарга токтолгон. Эмгектин 6бөлүмүндө 17-кылымдагы Енисей кыргыздарынын Алтанхан, Жуңгар хандыгы жана Сибирдеги орус воеводалары менен мамилеси, ал эми 7-бөлүмүндө 18-19-кылымдагы Теңир-Тоо кыргыздарынын калмак, Кокон хандыгы жана Россия менен болгон мамилелери тууралуу маалыматтар берилген. Эмгегинде В. Бартольд кыргыздардын бир бөлүгү 9-кылымда Енисейден Теңир-Тоого келип, белгилүү бир мезгил өткөндөн кийин кайра кайтып кетишкен, азыркы кыргыздар Теңир-Тоого 15кылымдын башында ойроткалмактар менен кошо келген деген илимий божомолдоону сунуштаган (кыскасы Кыргыздар). Бул эмгек жарык көргөндөн кийин жаңы тарыхый маалыматтардын жана археологиялык материалдардын негизинде Борбордук Азиянын тарыхындагы кыргыздардын орду, алардын калыптанышы жөнүндө ар кандай көз караштагы эмгектер пайда болгон.

Колдонулган адабияттарОңдоо