Кыргызсериалдары
УТРКнын телесериалдарды тартуучу студиясы
(««Кыргызсериалдары»» барагынан багытталды)
«Кыргызсериалдары» — 2003-жылы УТРКнын сериялуу фильмдерди чыгаруучу студиясы уюшулган. Уюштуруучусу жана жетекчиси — акын, драматург, журналист, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты Ж. Өзүбекова. Анын сценарийи боюнча коюлган «Чиркин өмүр» (40 серия), «Апамдын махабаты» (20 серия), «24 саат» (2 серия), «Кара жолтой» (3 серия), «Тор» (3 серия), «Кууш жолдо» (3 серия), «Сезимде калган издер» (4 серия) фильмдеринде улуттун өзгөчөлүгү, асыл наркы, салт-санаасы чагылдырылган. Сериалдар жанры боюнча ар түрдүү, мазмуну жөнөкөй жана жеткиликтүү берилген. Туңгуч кыргыз сериалдарын режиссёр М. Мамбетов жана Б. Айткулуев тарткан.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9