«Майдан» — жазгыч акын жана Манасчы Тоголок Молдонун варианты боюнча «Семетей» бөлүмүнөн түзүлгөн китепче (Фр., 1943). Басмага даярдаган редактору Ж. Бейшекеев. Китепте камтылган окуя «Коңурбайдын Таласка жасаган жүрүшү» деген темада баяндалат. «Манас» эпосунан «Семетей» бөлүгүнө өткөн терс каармандардын ашкан амалдуусу, каардуусу, эң коркунучтуусу Коңурбайдан оор жарадар болгон Манас баатыр Таласка келип дүйнөдөн кайтат. Кыйды Коңурбай эми кыргыз элин баш көтөргүс абалга жеткирүүнү жана Манастын уулу Семетейди жок кылууну ойлойт. Анын бул аракети менменсинүүдөн же текеберленүүдөн келип чыкпайт. Манастын өлүмүнө себепчи болгон Коңурбай жоокерчилик салт боюнча кан кууп, өч ала турган Семетейден кооптонот. Эпосту түзгөн эл да баскынчы душмандардан коргоочу башкы баатыры катары кун кууп, өч алуучу милдетти Семетейге жуктөшөрүн сезген кыйды Коңурбай Үч-Бээжинге кабарлап эл башчы кандарын жыйып кеңешет:

Кечээ кайратымдын барында,

Айбатым толук чагында,

Ушул канкор кулдун атасы

Кан Манасты жайладым.

Алтайга бурут келтирбей

Түркстанга айдадым...

Түркстанда кыргыздан

Манастын уулу Семетей,

Кездеше турган чоң душман

Атадан артык тууптур.

Бул керишип турган жоо койбойт,

Кезенген душман соо койбойт.

Таласын барып чаппасак,

Талап малын албасак,

Семетейди өлтүрүп

Минтип кумар канбасак (7—8-б.) деген Коңурбайдын талабына баары макул болушат. Алты ай камданган Коңурбай 60 миң кол менен Таласка аттанып бейкут жаткан кыргыздарды камайт. Таластын суусун башка жакка бурдуруп, элди суусуз калтырат. Баскынчы душмандар Семетейдин айлын аткылай баштаганда Айчүрөк токуп, даярдап койгон Тайбуурул байлоосун үзүп качканда Коңурбай кармап алып, терең ор каздырып салдырып коёт. Аны айлалуу баатыр Күлчоро зындандан алып чыгат. Кыргыз эли бул кордукка чыдабастан Семетейдин жетеги боюнча басып алуучулукка каршы бүт көтөрүлүштү. Кандуу майдан бир нече күнгө созулуп, зордукчул Коңурбайдын аскери жеңилүүсу менен окуя аяктайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4