«Манас» эпосундагы поэтика

«Манас» эпосундагы поэтика — чыгарманын көркөм каражаттары жана анын түзүлүш мыйзам ченемдери. «Манас» классикалык эпопеянын мыкты үлгүсү болгон монументалдуу баатырдык эпос болгондуктан көп кылымдар бою өнүгүп, өсүп келген. Анын көркөм формасы бар.

«Манас» генеалогиялык циклдештирүү принциби боюнча калыптанып, өнүккөн эпос. Манас баатырдын каармандык иштерин ал өлгөндөн кийин, уулу Семетей, небереси Сейтек улантат. Чыгарманын ар бир бөлүгүндө («Манас», «Семетей» , «Сейтек» ) окуялар өмүр баяндык принцип боюнча өнүгөт. Башкы баатырдын өмүрүнө эрдик иш-аракеттерине байланыштуу окуялар өзүнчө эпикалык борборду түзөт да, калган окуялар борборго баш ийип турат. Мисалы, Манастын төрөлүшү, балалык чагы, алгачкы эрдиктери, Каныкейге үйлөнүшү, Чоң казат, Манастын өлүмү өңдүү салттык окуялар эпостун өзөгүн түзөт. Калган окуялар эпостун мазмунун байытып, көркөмдүгүн арттырууга кызмат этет.

«Манас» эпосунан эпикалык чыгармаларга мүнөздүү өзгөчөлүктөрдү бүт жолуктурууга болот. Окуяларга бай, кеңири сюжеттүү, активдүү баяндоосу бар эпостун мыйзам ченемдүү окуялары бекем бир сызык менен өнүгөт. Эпос «байыркынын жомогу», «атаңардын жомогу, айтпай койсок болобу» деген өңдүү туруктуу салттык ыр саптары менен башталат (к. Жомок башы). «Манас» эпосунда композициянын бардык элементтери бар: монолог, диалог, лирикалык чегинүү, пейзаждык, портреттик сүрөттөөлөр жана башкалар

«Манас» баарынан мурда көркөм чыгарма болгондуктан, анда күчтүү көркөм жалпылоо бар, образдар типтүү мүнөздөргө ээ (к. Тип, Типтүүлүк). Ырас, «Манас» эпосу элдик оозеки поэтикалык чыгарма болгондуктан көркөм каражаттары ошол планда бааланууга тийиш.

Эпосто кеңири учураган түрдүү көп сандаган көркөм каражаттар аны менен бирге узун татаал жолду басып, өнүгүп, өзгөрүп келген. Поэтикалык салыштыруу, эпитет, гипербола, литота, метафора, метонимия сыяктуу көркөм сүрөттөөлөр «Манас» эпосунда жыш учурап, салттык мүнөзгө ээ.

«Манаста» өтө кеңири жолугуучу көркөм каражаттын бири — эпитет ар түрдүү мүнөздө жана мазмунда кеңири колдонулат. Мисалы, эр шер, кабылан, баатыр, бөрү, кан, падыша, султан, төрө жана башкалар Мындай эпитеттер элдин коомдук турмушунун өзгөрүшү менен кошо өзгөрүп отурган. Эпитеттерде элдин мифтик көркөм ойлонуусунан тартып, кийинки эле тарыхый доорлордун реалдуу белгилери көркөм чагылдырылган. Мисалы, «кан», «падыша» өңдүү эпитеттер башкы каарманды эпикалык идеалдаштырууда колдонулат. «Түп атасы түгөл кан, Башкы атасы бары кан, Башынан кызыр даарыган» жана башкалар Манас баатырдын кереметтүү төрөлүшүндө көптөгөн жомоктук-фантастикалык сюжеттик мотивдер бар. Баласыздык, түш көрүү, кереметтүү бойго бүтүү жана башкалар өңдүү мотивдер эпикалык идеалдаштыруу милдетин аткарат. «Манас» эпосунда 3, 6, 7, 40, 60, 70 өңдүү сандар да өзүнчө көркөм каражаттын милдетин аткарат. Бул ӨҢДҮҮ эпикалык сандардан реалдуу мазмунду издөө туура эмес. Мисалы, «Алты миң бала бир барып, алты эле бала бир калдык», — дейт Алмамбет укмуштуу ажыдаардан окугандыгы жөнүндө баянында.

«Манас» эпосунда поэтикалык салыштыруунун да толгон түрлөрү бар. Мисалы, салыштыруунун гипербола, литота аркылуу берилиши:

Тоодой болгон Манасты

Томуктай кылып көтөрүп,

Коргошундай Манасты

Корголдой кылып көтөрүп

Учуп барат Аккула.

«Манас» эпосунда ар кыл метафоралык сүрөттөөлөр да жыш учурайт. Мисалы, метафоралык бир сүрөттөө:

Шамалдарга бакырып,

Булуттарды чакырып,

Алмамбет жайлап турган соң

Кырдан кызыл шамал кырданып

Асмандан булут сурданып...

«Манас» эпосундагы өтө жыш учураган ар кыл поэтикалык көркөм каражаттар чыгарманын көркөмдүгүн арттырып, идеясын, темасын, тереңдигин, образдарды ачып берүүгө кызмат кылат.

Эпосто ошондой эле салттык мүнөзгө ээ поэтикалык ыкмалар да кеңири учурайт. Элдин тынч турмушун, согуштук эпизоддорду сүрөттөөдө манасчылар туруктуу салттык поэтикалык ыкмаларга кеңири кайрылышат. Мисалы, бир окуядан экинчи окуяга өтөрдө «муну мындай таштайлы, Манастан кабар баштайлы» деген өңдүү ыр саптары колдонулса, кыргыз жергесинин байлыгын, кооздугун сүрөттөөдө:

Алмасы аттын башындай,

Жаңгагы сайдын ташындай

Салтанаты ушундай,

Алтын, күмүш кени бар

Агарган сайдын ташындай, — деген өңдүү ыр саптары көп учурайт. Бул өңдүү поэтикалык ыкмалар образ жаратууда, эпостун көркөмдүгүн арттырууда, окуяларды элестүү сүрөттөөдө маанилүү роль ойнойт жана эпосто көп колдонулуп, салттык мүнөзгө ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-035-5