«Ормон окуу» – бийликке ээ болгондон кийин Ормон хандын бийликти бекемдөө, аны борборлоштуруу, коомдук тартипти чыңдоо, мыйзам кабыл алуу ж. б. боюнча жасаган аракети. Анын натыйжасында ханга көмөк көрсөтүүчү уюмдар: чоң кеңеш, кичи кеңеш, тышкы жана ички иштердин түзүлүшү, жазалоо формасы (айып салуу, орго салуу, дарга тартуу ж. б.) иштелип чыккан. Кабыл алган мыйзам боюнча киши өлтүрсө 300, кыз ала качса 40, майда ууру кылса 9 жылкы айып салынып, манапты өлтүргөн, калыңдуу кызды ала качкан, катары менен үч жолу уурулук кылган ж. б. күнөө жасагандар өлүм жазасын алган. Мамлекет үчүн атайын чыгарылган мындай мыйзамдардын жыйындысы эл ичинде «Ормон окуу» деген ат менен калган. «Ормон окуу» негизинен мамлекеттин ичиндеги тартипти бекемдөөгө жардам берген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү