«Респулика» партиясы - 2007-ж. 5-июнда түзүлгөн.

2010-ж. анын кезексиз съездинде жаңы лидери - Ө.Т. Бабанов шайланган, ошол эле жылдын 30-июнунда Ө.Бабанов Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо «Респулика» партиянын катышуусу тууралуу расмий билдирүү жасаган.

2010-ж. 10-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан 29 саясий партиянын ичинен

төртүнчү орунду ээлеген бул партия 210 594 добуш менен, (6,93%) Жогорку кеңештен 23 депутаттык орунду «Респулика» партиясы алган. 2011-ж. декабрынан 2012-ж. августуна чейин партия лидери Ө.Бабанов өлкөнүн премьер-министри болуп, У.Ташбаевге окшогон Максим Бакиевдин досторун жогорку кызматтарга койгону менен коомчулуктун эсинде калган. Азыркы учурда бул партия парламенттик оппозициянын катарында. Бул партиянын жергиликтүү кеңештерде да өкүлдөрү бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8