«Bосход» — Жер айланасындагы орбита боюнча учкан көп орундуу космос кемелеринин аты. «Восходдун» констр. жагынан «Восток» кемесинен айырмасы жумшак кондуруу системасы, резервдүү тормоздук кыймылдаткыч жасалгалары, иондуу билдиргич (датчик) аркылуу багыт алуу системасы, өркүндөтүлгөн телевизор жана радиотехникалык аппаратурасы бар. «Восход-1» кемесинин учкуч-космонавты В. М. Комаров (командири), илимий кызматкер К. П. Феоктистов, врач Б. Б. Егоровдордон турган экипажы 1964-ж. 12-октябрда орбитага чыгарылган. Экипажы космонавт П. И. Беляев (командири) жана учкуч-космонавт А. А. Леоновдон турган «Восход-2» кемеси 1965-ж. 18-мартта учурулган. Космонавт А. А. Леонов өз алдынча (жеке) жашоого мүмкүнчүлүк берген скафандр кийип, дүйнөдө биринчи болуп ачык космос мейкиндигине чыккан, кемеден 5 м алыстыкта 20 мин убакыт сыртта жүрүп, сүрөткө тартуу жана өлчөө иштерин аткарган. «Восходдун» максимум массасы 5,68 т, максимум учуу бийиктиги 497 км.

Колдонулган адабияттар түзөтүү