Ааламдашуу процессинде бош убакыт. IZE

Акыркы жылдары ааламдашуу, модернизация түшүнүктөрүн жашообузда көп учуратып калдык. Медиа жана маалымат согушунун таасиринин натыйжасында жашоо образынын өзгөрүүсү байкалууда. Башкача айтканда дүйнөнүн бир бурчунда отурган адам дүйнөнүн аркы бөлүгүндө болуп жаткан жаңылыктардан кабардар. Айрыкча интернет коомдун эң негизги элементи болуп калды. Глобалдашуу бардык мамлекеттерди маданий, саясий, экономикалык жана башка жалпылыктарга алып келүүсүнүн натыйжасында жер шаары кичинекей эле айылга айланды. Анын сыңары бул процессте бардык жер жүзүндөгү өлкөлөрдө болуп жаткандай Кыргызстандын дагы жашоо шарты өзгөрдү. Кыргыз эли бир нече жылдар мурун улуттук каада-салттар, улуттук оюндар, мейман күтүү, маек куруу сыяктуу традициялык маданиятка басым жасап келишсе, ал эми азыркы учурда мындай көрүнүштөрдү сейрек кездештирүүгө болот. Анткени ааламдашуунун таасири менен батыштын маданияты калк арасына кирди. Көпчүлүк учурда адамдар бош убактысын интернет клуб, кафе, түнкү клуб, оюн автоматтар жана башка ушул сыяктуу көңүл ачуучу жайларда өткөрүшөт. Бирок булардан айырмаланып айрым жарандарыбыз традициялык маданиятты унутушкан эмес. Алар ата-бабадан калган каада-салттарды, оюн-зоокторду, үрп-адаттарды колдонуп келишет. Мына ушул сыяктуу ар тараптуу көрүнүштөрдү эске алып кыргыз эли ааламдашуу процессинде кандай жашоо образын өткөрөт. Деги эле бош убакыттарын кандай пайдаланышат?-деген суроолорго жооп издөөну туура көрдүк.

Абдышүкүр Нарматов, Кыргызстан Ислам Университетинин ректору:
-Азыркы учурда ааламдашуу адамдардын бош убактысын өткөрүүдө чоң роль ойнойт. Акыркы кездерде жихат деген сөздөрү угуп жатабыз. “Жихат” деген нерсе шариятта адам өзүнүн эрки, нафсы , кумар менен салгылашуусу деп айтылат. 21-кылымдын жихаты адамдардын пикирине, идеологиясына салгылашуу жихаты. Кээ бир өнүкпөгөн дүйнөнүн үчүнчү өлкөлөрүнүн адамдары күнүнө 8 саат телевизордун жанында убакыттарын өткөрүшөт. Бул жаман көрүнүш. Жеген тамагыбыз эгер жакшы болсо адамга күч болот, ден соолугубуз чың болот. Эгер жеген тамагыбыз айнып калган болсо, анда адам ууланат. Ошондуктан зыян программаларды эмес, адеп-ахлакка туура келген пайдалуу көрсөтүүлөрдү көрүү керек. Мен ар дайым айтам: “Жаштар+боштук=күнөөнүн башталышы”. Ошондуктан ар бир адам ошол вакуумду пайдалуу нерселер менен толтуруп турбаса жаман жолго бурулуп кетет. Бүгүнкү күндө күнүнө 60 бет китеп окуган жаштар барбы, убакытты кайда пайдаланып жатат. Бир хадисте мындай деп айтылган: “Кимдин бүгүнкү күнү менен кечеги күнү окшош болсо, ал адам жашоодон уткузуптур. Жашоодо инсандын эч нерсеге алмаштыргыс эң чоң капиталы болуп ден соолук жана убакыт эсептелет. Ошондуктан ар бир секундду баалай билип туура кадамдарды жасайлы. Мен болсо көбүнчө бош убактымды үй-бүлөм менен өткөрөм. Күнүгө келинчегим жана балдарым болуп белгилүү бир убакытта китеп окуйбуз. Ошондой эле ар жума күнү элдин алдына чыгып сүйлөө үчүн 5-6 сааттай китептерди окуп ар тараптан изденем. Кээде үй-бүлөм менен парктарга барып жаратылышта эс алабыз.
Кубат Касымбеков, “Азаттык” үналгысынын кабарчысы:
-Менин оюмча ааламдашуу глокализм термини менен байланыштуу. Ааламдашуу бардык тараптан бизге таасир берип жатат. Ал эми бош убакыт боюнча айтсам, азыркы учурда компьютерде кандай программалар болсо, адам ошондой нерселерди дагы мээге түзүүгө туура келет экен. Анткени жасай турган иштер аябагандай көп, бирок эмнегедир убакыт чектелүү. Көпчүлүк учурда бош убакыт болбойт, иш учурунда ар нерсеге алаксыбай жумуштарды бүтүрөм. Кечкурун бош болгондо социалдык тармактарга кирип досторумда, дүйнөдө эмне жаңылыктар болуп жатканына көңүл бурам. Негизинен мен досторум менен баарлашканда, паркка жөө басып барганда деле эс алып калам. Ал эми кээде жашоону кызыктуу кылуу үчүн досторум менен бирге коньки тебүүгө, боулинге, парктарга жана башка жакшы атмосферадагы көңүл ачуучу жайларга барып эс алып келүүнү жактырам.
Зарина Урманбетова, Кыргыз-Түрк “Манас” Университетинин 3-курсунун студенти:
-Мен бош убакытымда көбүнчө интернетте отурам. Дайыма социалдык тармактардан, блоктордон кызыктуу, пайдалуу нерселерди алам. Андан сырткары комуз кружогуна катышам. Менин оюмча ааламдашуу каада-салттарды унутуу эмес, улуттар арасында чек аралардын ачылышы, өзүбүздүн каада-салттарды дүйнөгө таанытуу жана жаңы нерселерди кабыл алуу деп ойлойм.
Динара Чочунбаева, Кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүү боюнча Борбордук Азиялык Ассоциациясынын директору:
-Ааламдашуунун жаман жагы колго жасалган буюмдар өзүнөн-өзү эле сыртка чыгып кетип жатат. Негизинен традициялык маданияттын жасалган буюмдары бир топ эмгекти талап кылат. Бирок ошол эмгектер бааланбагандыктан бир топ улуттук буюмдар жасалбай калды. Мына ошонун негизинде биз чыныгы кооздуктардан айрылып жатабыз. Менин ишим каада-салттагы улуттук буюмдарды сактап калуу, чеберлер менен иш жүргүзүү болгондуктан бош убактымда дагы кийиздердин оймолорун чийип жаңы маани берип чеберлер менен талкуулагандан ырахат алам. Бирок тилекке каршы традициялык маданият күндөн-күнгө унутулуп бара жатат. Нечендеген таланттуу ууз-чеберлерибиз өздөрүнүн билген нерселерин жаштарга өткөрүп бере албай калды. Анткени глобализация келечек муунду башка нукка буруп салды.

Мына ушул сыяктуу коомдун ар түрдүү катмарындагы адамдардын ааламдашуу жөнүндөгү ою жана бош убакытты кантип пайдаланары жөнүндө өз ойлорун айтышты. Бирок өзүңүздөр көрүп тургандай традициялык маданиятка басым жасап улуттук каада-салтты улантып келген жаштарды жолуктура албадык. Ошол эле учурда традициялык маданияттын сакталышына иш-аракеттерди кылып жүргөн атуулдар бар экен. Алар атайын фонддордо иш жүргүзүп келишет. Aлардын эмгектери канчалык деңгээлде ишке ашат, аны убакыт көргөзөт. Деги эле ааламдашуу жашоону кандай нукка бурууда деген суроого бүгүнкү күн менен жашап жаткан окурман сиз өзүңүз жооп таба алсаңыз керек.

Рахат Саламатова.