Аарон Эдвард Экхарт англ. Aaron Eckhart;(1968-жылы 12-мартта туулган) - америкалык кино жана театр актеру. Ал Калифорниядагы Купертино шаарында жарыкка келген, он үч жашында үй -бүлөсү менен Улуу Британияга көчүп барган. А. Экхарт мектептин сахнасында ойноп жүргөн, мектептин акыркы классында үй-бүлөсү Сиднейге (Австралияга) көчкөн. Актер орто мектепти бутүргөн эмес, бирок атайын курстарга барып жүрүп аттестат алган, андан кийин 1994-жылы Бригам Яң университетинен "Киноактерлук искусство" багыты боюнча академиялык бакалавр даражасына ээ болгон. 1990-жылдардын ортосунда актер Нү-Йоркто жашап, иши жок, жан сактап жүргөн.

Бригама Яң университетинде окуп жүргөндө эле А. Эхкарт режиссер жана жазуучу Нил ЛаБутту таанычу жана анын бир нече пьесасында роль жараткан эле. Беш жылдан кийин А. Экхарт Нил Лабуттун " Эркектердин арасында" (англ. In the Company of Men, 1997) какшык аралаш комедиясында ойногон. Нил Лабуттун жетекчилиги менен актер "Сенин досторуң жана коңшуларын" (англ. Your Friends & Neighbors, 1998), "Бетти" (англ. Nurse Betty, 2000), "Ээлөө (азгырык)" (англ. Possession, 2002) тасмаларына тартылган.

Ал "Эрин Брокович" (англ. Erin Brockovich) аттуу Стивена Содербергдин биографиялык тасмасында Жорждун ролу менен коомчулукка таанымал болгон. 2006-жылы тартылган "Чылым чеккенге уруксат" (англ. Thank You for Smoking) тасмасындагы Ник Нейлордун ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясына талапкер болгон. Актер "Кара рыцарь" (англ. The Dark Knight, 2008) тасмасындагы ролу үчүн дагы бир ирет атагы чыккан. Актер "Убада" (англ. The Pledge (2001), "Маңыз" (англ. The Core, 2003), "Бала күйүтү (англ. Rabbit Hole, 2010), "Лос Анжелес үчүн согуш" (англ. Battle: Los Angeles, 2011), "Олимптин кулашы" (англ. Olympus Has Fallen, 2013), "Мен Франкенштейн" (англ. I, Frankenstein, 2014), "Лондондун кулашы" (англ. Olympus' sequel, London Has Fallen) жана "Салли" (англ. Sully, 2016) сыяктуу тасмаларда башкы ролдорду ойногон.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү