Аба ырайы боюнча бүткүл дүйнөлүк маалымат кызматы

Аба ырайы боюнча бүткүл дүйнөлүк маалымат кызматы - тез байланыштыруучу каналдар менен туташтырылган дүйнөлүк жана аймактык (улуттук) метеорологиялык борбордон туруучу система. Анын максаты улуттук метеорологиялык кызматтын ишин жеңилдетүү жана жакшыртуу үчүн бүт жершарындагы аба ырайы жөнүндө маалыматтарды топтоо жана аларды аныктоону борборлоштуруу. Борбордо материал топтоо жана аныктоо жумуштары автоматташтырылган түрдө жүргүзүлүп, жергиликтүү метеорологиялык кызматтар үчүн даяр карталарды, күндөлүк жана боло турган аба ырайы, океандын абалы жөнүндөгү маалыматтарды таратып турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1