Абдиев Тууганбай

Кыргыз төкмө акыны
Абдиев, Тууганбай (төкмө)‎»‎ барагынан багытталды)

Абдиев Тууганбай (1937–2008) — кыргыз төкмө акыны, дастанчы, комузчу. Кыргызстандын эл артисти (1993), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1986).

Абдиев Тууганбай
Туулган датасы

3 -май 1937(1937-05-03)

Туулган жери

Ничке-Сай, Кетмен-Төбө району, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы

1 -декабрь 2008(2008-12-01) (71 жаш)

Өлгөн жери

Бишкек, Кыргызстан

Өлкө

 Кыргызстан
 ССРС

Кесиптери

төкмө акын, ырчы, комузчу

Аспаптары

Комуз

Жанрлары

дастан

Сыйлыктары
3- даражадагы «Манас» орени
3- даражадагы «Манас» орени
Кыргызстандын эл артисти (1993)
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти (1986)

Тууганбай тууралуу Балбай Алагушевдин эскергени түзөтүү

Тууганбай чыгармачылыгында төкмө акындык, ырчы аткаруучулук менен бирге дастанчылыкты да кошо өнүктүргөн. Алсак, ал «Жаныш-Байыш», «Курманбек», «Гүлгаакы» ж.б. дастандарды комуздун коштоосунда ар бир каарманга, ар бир окуяга карата обондорун да кубулта айткан.

- Мен «Курманбектен» үзүндүнү 1978-жылы радиого жаздырган элем, - деп эскерген эле Тууганбай Абдиев. Аны 80-жылдардын башында фондуга кабыл алыптыр. Радиого жакшы жаздырган элем. «Курманбектин» Сарыкунандын айтуусундагы вариантын айтып тасмага жаздыргам. Үч жолу унутуп, үч жолу тасмага жаздырдым. Курманбектин 500 жылдыгына карата телевизордон айтып бериңиз дешип суранганынан айтып бердим. Чынын айтсам көп окуялар эсимден чыгып кетиптир. Сарыкунан айтчу эле, Калык «Курманбекти» канча жыл бою айтып жүрсө да кийин унутуп калыптыр. 1929-жылы Мастабар деген жерге келсем Калык артисттерге: - Эй, туугандар «Курманбекти» айтканды унутуп калыпмын. Сарыкунанга айттыргыла, – деди. Мен таңаткыча «Курманбекти» айттым. Какем: - "айда атаң көрү" – деп эстеп, кийин «Курманбекти» жазмага түшүрүп өзүнчө жыйнак кылып чыгарды. Ыр ырдалбаса, унутулуп калат. Азыркы күндө илгеркидей күнү-түнү менен «Манасыңды», «Курманбегиңди» уга турган кыргыздар жок. Азыр кыргыздын баары ырчы. Бир бөтөлкө шарапты ачып алат да, анны ичип алып сенден мурда ырдап отурат. Ал эмнени ырдап жатканын өзү да билбейт. Бүгүнкү күндө ырдын кадыр-баркы кетип калды. Ошондой болсо да «Курманбекти» кайрадан радиого жаздырдым. Мен «Жаныш-Байышты» толук айтпайм. Аны Сарыкунан акенин таасири аркасында айтып калдым. Союз учурунда дастандарга көбүрөөк көңүл бөлсө бир тобун айтып жаздырып коет элем. Элдик дастандарга көңүл бөлчү эмес эле. Бир ыр ырдасаң да кагазга жаздырып «жашасын» деген сөздү айтпасаң бул ырчынын ыры жаман экен деп ырдатуучу эмес.

Тууганбай чыгармачылыгында төкмө акындык, дастанчылык менен бирге комузчулук өнөргө да кызыккан. Ал турсун бирин-экин күү да чыгарган.

- Ал эми менин бир күүм бар. Ошону чертип жүрөм. Күү чыгарса болчудай экен,-деп айткан эле Тукем өзүнүн чыгарган күүлөрү жөнүндө: - Комузчулар кызык, мен Самара Токтакунованы айттым, сен желмогуздай күүнүн баарын чертесиң, күү чыгарбайсыңбы деп. Ал мыкты комузчу. Ушундай чоң комузчулар күү чыгарбай мага окшогон чала комузчулар шалдыратып күү чыгарып атат. Мен аракет кылып күүгө окшоштурдум. Төрөлгөндөң комузду, күүнү жакшы көрөм. Шекербек Шеркулов жанына отургузуп алып: - Комуз черт, күү үйрөн дечү. Анде мен:"Ичим ооруп атат. Азыр келем", - деп качып кетчүмүн. Бул итчилик. Болбосо Шекербек мени жакшы көрчү. Ал "Тууганбайдан өткөн чоң комузчу жок. Бир күүнү да толук билбейт. Ар бир күүдөн 2-3 кайрыктан билет дечү."

Дүйшөнбек Үкүев, белгилүү ырчы, обончу, мындайча эскерет: түзөтүү

- Эми Тукем жөнүндө айта турган болсок, сөз өтө эле көп. 1967-жылы филармонияга келгенде Тукем болуп толуп турган кези экен. Айрыкча төкмө акындык шыгы ашып-ташын турган убагы экен. Анан Тукем менен бирге иштешип калдым. Тууганбай байке менен командировкага көп жүрдүм. Тукемдин дагы бир артыкчылыгы жеке эле акын эмес, комузду да жакшы чертчү. Анан дастандарды аябай ийине жеткире айтчу. Тукемдин адамкерчилик сапаты да өтө жогору эле. Мени өзүнүн баласындай Дүйшөке деп аябай сыйлап, ырчылыгыма да аябай баасын берүүчү. Ал айрыкча таланттуу адамдарды өтө жогору баалаган инсан эле. Ажалга айла жок экен. Тукемдин эдибизге бере албай кеткен ырларын артында калган шакирттери жаш акындар улантсын, аларды ар дайым арбагы колдоп жүрсүн.

Мурадил Сагыналиев, шакирти, дастанчы, буларды эскерет: түзөтүү

- Тууганбай ата менин устаттарымдын бири эле. Бир топ жыл бирге иштештим. Көп сабактарды алдым. Мага Тукем комуз чертүүнүн ыкмаларын, сахнага чыгуунун жол-жоболорун, ырдоонун, дастан айтуунун ыкмаларын үйрөттү. Бир сөз менен айтканда агайдан көп сабак алдым. Тукем абдан жөнөкөй эле. Бала менен балладай болуп, ойноп кетчү. Кээде тамашалаган жактары аябай жакчу. Биз аябай урматтап. Аябай сыйлаар элек. Тукем жөнүндө айта берсе сөз көп. Агайдын актерлук жагы да мыкты эле. Көп чыгармалары менен кинофильмдерге ойногон. Айыл аралап командировкада жүргөндө абдан бала кыял болчу. Мендей жаш жигиттер менен мындай черткиле, ырдасак бул жерин мындай ырдагыла, комузду таза чертип так ырдагыла дээр эле. Илгери Шекербек, Осмонкул, Алымкул аталар менен жүргөндө комуз үйрөн десе, ичим ооруп атат деп качып кетип, чала үйрөнүп калгам. Ошондуктан мендей болбой таза, так үйрөнгүлө - деп, көп акыл насааттарын айтаар эле. Эми атабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун демекчимин.



Өмүр баяны түзөтүү

Тууганбай Абдиев 1937-жылы 7-апрелде Кетмен-Төбө (азыркы Токтогул) районундагы Ничке-Сай айлында туулган.

1955-жылы Токтогул райондук маданият үйүндө, 1956–1961-жж. Жалал-Абаддагы облустук драма театрында, 1961-жылдын март айынан өмүрүнүн акырына чейин Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында артист болуп эмгектенген. 1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетин (азыркы Кыргыз Улуттук Университетин) аяктаган. Тууганбай Абдиев узакка созулган оорудан 2008-жылы 1-декабрда Бишкек шаарында каза болгон. Кыргыз эл артисти Тууганбай Абдиевди акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 3-декабрда Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында болуп өткөн. Залкар төкмөнүн сөөгү 2008-жылы 3-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Театрга келгенге чейин эле алгачкы устаты Коргоолдон комузга коштоп ырдоону, айтыштын ар кыл түрлөрүн, Сарыкунандан (Сагынбек) дастандарды комуз менен аткарууну үйрөнгөн.Ашыралы, Токтосун, Эстебес, Замирбектер менен бир нече айтыштарды жаратып, Осмонкул, Ысмайыл сыяктуу залкарлар менен учурашып ырдап алардын ак баталарын алган.

"Чоң кербез", "Бала кербез", "Тогуз кайрык", "Мырза кербез", "Бала кербез", "Кара өзгөй", "Кер толгоо", "Ак тамак, көк тамак", "Ак Бакай", "Лу-лу Мамажан" комуз күүлөрүн, "Жаныш-Байыш", "Курманбек", "Ак Мөөр" кенже эпосторун жана башкаларды мурдагы авторлордун деңгээлинде аткарбастан, өз чеберчилиги менен алардын таасирдүүлүгүн ого бетер тереңдеткен. Республикалык "Айтыш" коомдук фондунун насаатчысы болгон. Кийинки муундагы жаш акындар Элмирбек Иманалиевди, Шекербек, Жеңишбек Токтобековду, Амантай Кутманалиевди, Азамат Болгонбаевдерди дасыктырууда зор роль ойногон.

Тасмаграфиясы түзөтүү

Дискографиясы түзөтүү

  • "Эрке кыял" аттуу күүнүн автору.

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

  • Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти (1986-ж.)
  • Кыргыз Республикасынын Эл артисти (1993-ж.),
  • Төкмө акындардын "Ак таңдай - 1993", "Манас 1000" эл аралык айтыштарынын, "Курманбек -500" дастанчылардын конкурсунун жеңүүчүсү.
  • Эл аралык «Руханият» сыйлыгы, III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган.
  • 2000-жылы Курманбек баатырдын 500 жылдык мааракесинде дастанчылардын жеңүүчүсү болгон.

Булактар түзөтүү

  • Кыргыз Республикасынын жазуучулары / 2-том. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) – Б.: 2011. – б. Түзүүчүлөр: А.Чекиров, Ө.Калыева.
  • Жалал-Абад облусу. Энциклопедия. Бишкек-2003.
  • Актаңдайлар. Бишкек -2004.
  • Кыргыз адабиятынын антологиясы.