Абдиев Төлөбек Зайнидинович (1947- ж.т., Кочкор ооданы, Комсомол айылы) — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген зоотехниги (1983), Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (1990—1995).
1964-жылы Кыргызстан айыл чарба институтун бүткөн.
1969—1974 жылдары Кочкор ооданынын Соң-Көл совхозунда башкы зоотехник, 1974—1984 жылдары мүдүр, 1984—1991 жылдары Кочкор райаткомунун төрагасы, Кыргызстан КП Кочкор райкомунун 1-катчысы, 1991—1992 жылдары Чолпон совхозунун мүдүрү, 1992—1994 жылдары мамлекеттик "Асыл-мал" акционердик компаниясынын вице-президенти, 1994—1997 жылдары Ат-Башы оодандык мамлекеттик акимиятынын башчысы.
"Ардак Белгиси", Эмгек Кызыл Туу, Октябрь Революциясы ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын дубаны: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.