Саип Абдраманов

Абдраманов Саип‎»‎ барагынан багытталды)

Абдраманов Саип 1919-жылы азыркы Сузак районуңдагы Орток айылында туулган.

Толук эмес орто мектепти бүтүргөндөн кийин, Токмок шаарындагы токой чарба техникумуна тапшырып, аны аяктап келип, Орток жаңгак токой чарбасында эмгектене баштаган.

1939-жылы Кызыл Армиянын катарына кызматка чакырылат да, Улуу Ата мекендик согушту ошол жактан тосот. Көп жолу жараат алып, акыркы алган жарааты оор болуп, айыгып чыккандан кийин, майып болуп аскерден бошотулуп, 1945-жылы айылына кайтып келет. Согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн, “За боевые заслуги”, “Маршал Жуков” жана башка көптөгөн юбилейлик медалдары менен сыйланган. Согуштан кийин Октябрь кыштагында отурукташып калат да, ошол убакта сабаттуу адам болгондуктан, ар кандай жетекчи кызматтарда жүрүп, Октябрь кыштагынын өнүп-өсүшүнө чоң салымын кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3