Абдужабаров Абдухамит Халилович

Абдужабаров Абдухамит Халилович (1941-ж. туулган, Ош облусу , Кара-Суу району, Кара-Суу айылы) жол куруучу, техника илимдеринин доктору (1994), профессор (1996). ТашПИни (1964), Өзбек ИАнын аспирантурасын бүтүргөн (1970). Ташкен шаардык аткаруу комитетинин башкармалыгында мастер-жолчу, Өзбек ИАнын МСКИде илимий кызматкер, кафедра жана лаборатория башчысы, ФПИнин доценти, илимий бөлүмдүн начальниги болуп иштеген. 1995-жылдан КМКТАУда (КГУСТА) кафедра башчы, 50дөн ашуун илимий эмгектин автору. Алар негизинен тоолуу жердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен транспорт курулмаларынын сейсмотуруктуулугуна арналган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1