Мурзалы Абдурахманов

Абдурахманов Мурзалы‎»‎ барагынан багытталды)

Абдурахманов Мурзалы (1928-ж.туулган, Ош облусу, Ноокат району, Меркит-Мүркүт айылы) милициянын генерал-майору (1978), КРнын ИИМнин эмгек сиңирген кызматкери. Кыргызстан КП БКга караштуу республика партиялык мектепти (1959), КПСС БКнын Алматы жогорку партиялык мектебин (1961), СССР ИИМнин Караганды жогорку мектебин (1976) бүткөн. 1948-69-ж. партиялык жетекчилик кызматтарда: Кызыл-Кыя шаараткомунун жооптуу секретары, маданий агартуу бөлүмүнүн башчысы, Ош облустук маданият башкармалыгынын бөлүм башчысы, Кыргызстан КП Ош обкомунун инструктору, Кыргызстан КП Көк-Жаңгак шааркомунун 2-, 1-секретары, «Нарынэнергиякурулуш» башкармалыгынын парткомунун секретары, Кыргызстан КП Таш-Көмүр шааркомунун 1-секретары, 1969-83, 1990-91-ж. Ош облусунун ички иштер башкармалыгынын начальниги, 1983-90-ж. Ош облустук адвокаттар коллегиясынын президиумунун төрагасы, 1991-жылдан Ош облустук ички иштер башкармалыгында ардагерлер кеңешин жетектейт. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (1963-67), КРнын Жогорку Кеңешинин (1990-95) депутаты. Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1