Рабия Абдыбекова

Абдыбекова Рабия‎»‎ барагынан багытталды)

Абдыбекова Рабия Уз. 1920-ж. Тоң районундагы Ак-Терек айылында төрөлгөн.

Салттуу өнөрчүлүгү бычмачылык-тикмечилик жана саймачылык боюнча бааланат. Ал эндик жасоо, шакар кайнатуу, терини колдо иштетүү, ышкын түптөө, кийиз боёо, жошо жасоо боюнча айлакер уздардан аталат. Анын ичинен тон, ичик, өпкө кап жасоо ыкмалары үлгү болот. Жаңы союлган койдун терисин жайып, бир аз кургатып, чалгы менен челдейт. Ашатуу үчүн айран, жарма, улпак кошуп, ага туз салат. Жайып кургатып, анан сууга жүн жаккы бетин самындап жууйт. Эки адам бучкагынан кармап силкет. Илип кургатат.' Өңдөө алдында чийге (көбүнчө оролгон чийге), таарга, кийизге омоктуу кылып терини таңат. Бор сээп улам кырат. Уз борду Ак Теректин боз чаптарынан казып келип, аны койдун коргоолунун хоруна көөмп бышырганда ал аппак болуп упурайт (чийки кезинде бор тиш-тиш көк жалтаң болот). Боёо үчүн ышкын түптү кеч күздө тоодон казып келет. Кабыгын кырып, кертип-кертип сергектей кургатат. Аны жыгач сокуга жанчат. Анан теринин бетин жибитип, ага чыланган ыигкын түптү текшилеп жабат. Ороп коёт. Боёк бир топ күндө сиңет. Тери бетин кырып, кургатып, жылаңаяк тебелетет, ийлейт, бурап-толгоп тартат, тиштетет. Анан бычып тиге баштайт. Рабиянын уктулган кийизди боё ыкмасында да өз алдынчалыктар бар. Ал чие деген кызыл чөптүн тамырын кайнатын боёк жасайт. (Мындай өсүмдүк Тоң, Жети-Өгүз аймактарында арбын өсөт). Уз жапайы карагаттын кабыгын кургатып, кайнатып сары боёк жаратат. Муну менен чебер жүн ж. б-ларды боёгон. Ал ышкын түптү да жүн боёк кылат. Боёктун корушун уз таасын туя билет. Уздун шырдактарында «мүйүз оюмдары» басымдуу түшөт да «аламычсыз» борбордук оюм менен жээк оюм жалпы оюмда берилет. Уз азыр Жети-Өгүз районундагы Чоң-жаргылчак айылында жашайт. Өмүрдөшү Шакир жыгаччы.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0