Акымбек Абдыкалыков

Абдыкалыков Акымбек‎»‎ барагынан багытталды)

Абдыкалыков Акымбек (10. 5. 1957-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кыз-Көл айылы) курулушчу, техника илимдеринин доктору (2001), профессор (2003). ФПИни (1979), Одесса инженер-курулуш институтунун аспирантурасын (1985) бүтүргөн. Долбоорлоо институтунда инженер, илимий кызматкер, лаборатория башчысы, окутуучу, кафедра башчысы, декан, КМКТАУда институттун директору, проректору (2001-05), 2005-жылдан ректору. 100дөн ашык илимий эмгеги, анын ичинде 2 монографиясы бар, 10 патенттин ээси. Илимий эмгектери негизинен композициялык курулуш материалдарын, буюмдарын жана конструкцияларын изилдөөгө арналган. Эмгектери: Моделирование и оптимизация свойств композиционных материалов (в соавторстве). Ф., 1988.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1