Мыктыбек Абдылдаев

Кыргызстандык саясатчы
Абдылдаев, Мыктыбек Юсупович‎»‎ барагынан багытталды)

Абдылдаев Мыктыбек Юсупович (төр.1953-жылы 17-август Кара-Жыгач айылы Аламүдүн району Чүй областы Кыргыз ССРи СССР). Кыргыз мамлекеттик жана саясий ишмери. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бир канча чакырылышынын депутаты. 2020-жылдын 6-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы.

Мыктыбек Абдылдаев
Мыктыбек Абдылдаев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
желек
желек
6-октябрь, 2020 — 10-октябрь, 2020
Өкмөт башчысы: Садыр Жапаров
Президент: Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Дастан Жумабеков
Андан кийинки: Мирлан Бакиров
 
Дини: ислам
Туулган жери: СССР, Кыргыз ССР, Чүй областынын Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылы
Атасы: 2 уул
Партиясы: "Бир Бол"
Билими: СССРнын ИИМнин Башкаруу академиясы.
Кесиби: Юрист
 
Сайты: kenesh.kg

Өмүр баяны түзөтүү

Чүй областынын Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында 1953-жылы 17-августта туулган.

1976-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин филология факультетин аяктап, 1988-жылы СССР ИИМинин Академиясын сырттан окуп бүтүргөн. 1999-жылы Юридика илимдеринин кандидаты болгон.

ЖОЖду аяктагандан кийинки алты жылдын аралыгында Фрунзе шаарындагы Советтик соода техникумунун комсомол уюмунун катчылыгынан Кыргызстан ЛКЖСнын Ысык-Көл областтык комитетинин катчылыгына чейин көтөрүлгөн. 1983-1985-жылдары Саясий бөлүмдүн башчысы болгон. 1985-1990-жылдары Ысык-Көл областынын ИИБинин начальнигинин орун басары болуп иштеген. 1988-жылы СССР ИИМинин Академиясын бүтүргөн.

Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты болуп шайлангандан кийин 1990-1991-жылдары Мыйзамдар жана мыйзамдуулук маселеси боюнча Жогорку Советтин туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.

1991-1994-жылдары Ысык-Көл ИИБинин начальниги. 1994-1997-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары. 1997-жылдын 11-январынан 2001-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин 1-орун басары. 2001-2002-жылдары Коопсуздук Кеңешинин Катчысынын орун басары – Президентке караштуу Эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору. 2002-жылдын январынан 2004-жылга чейин КР Президентинин Администрациясынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы. 2004-жылдын 16-октябрынан 2005-жылдын 23-мартына чейин КРнын Башкы прокурорунун милдетин аткаруучу, КРнын Башкы прокурору. 2005-жылдын 23-мартынан “ИИМдин кадрлар Башкармалыгынын резервинен” А.Акаевдин Жарлыгы менен бошотулган. 2005-жылдын 25-мартынан 13-[[майына чейин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин милдетин аткаруучу. 2006-жылдын 11-майынан Кыргызстан Президентинин Администрациясынын башчысынын 1-орун басары. 2006-жылдын 17-майынан 2007-жылдын 13-апрелине чейин Кыргызстан Президентинин Администрациясынын башчысы. (“Кулов революциясы” кырдаалында өз ыктыяры менен отставкага кеткен.) 2010-жылдын 13-июлунан “Ата-Журт” партиясынын тең төрагасы жана саясий кеңешинин мүчөсү.

2010-жылдын октябрынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылышына “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык саясий партиясына тизме боюнча депутат болуп шайланган.

“Күжүрмөн кызмат өтөгөндүгү үчүн “ 1-баскычтагы медалы менен сыйланган.

Милициянын генерал-майору.

Милициянын генерал-лейтенанты (7.04.2005.)

Юстициянын 2-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси.

Кыргыз Республикасынын мамкызматынын 1-класстагы Мамлекеттик кеңешчиси.