Абдымаликов Кыдыр (1938-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Түп району, Күрмөнтү айылы) экономист, экономика илимдеринин доктору (1990), профессор (1992). Кыргыз Айыл чарба институтун (1965), Кыргыз ССРинин ИАнын ЭИ аспирантурасын (1970) бүтүргөн. КРнын Айыл чарба министрлигинде зоотехник, Башкы башкармасынын начальниги, КРнын УИАнын ЭИде илимий кызматкер, жайыттар жана тоюттандыруу боюнча Кыргыз ИИИде бөлүм башчы, Кыргыз МИИИде бөлүм башчы, Кыргыз айыл чарба университетинде кафедра башчысы, 1997-жылдан И. Раззаков атындагы КТУда кафедра башчысы. Агрардык экономика (мал чарбачылык) боюнча адис. 110дон ашуун илимий иштери жарык көргөн. Негизги эмгектери Кыргыз Республикасында рынок мамилелерин жана өндүрүштү калыптандырууга, республикадагы экономикалык реформаны турукташтыруу маселелерине жана анын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө арналган. Эмгектери: Концепция формирования рыночных отношений и производства Республики Кыргызстан. Б., 1993. Абдымомунов Айбек (20. 12. 1950-ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Каракол шаары) белгилүү спортчу. Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эл аралык класстагы спорт чебери. Дүйнөнүн жаштар арасындагы чемпиону (2004); Азия оюндарынын күмүш медалынын ээси; ХХУШ Олимпия оюндарынын катышуучусу (Грекия, 2004).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1