Сүйөркүл Абдырахманов

Абдырахманов, Сүйөркүл‎»‎ барагынан багытталды)

Абдырахманов Сүйөркул (1898, Талас облусу, Талас району, Чоң-Токой айылы 1959, Талас району, Жаңы-Алыш айылы) жазма акын. Октябрь революциясына чейин Олуя-Ата шаарында (азыркы Тараз) жана Таласта байларга жалданып ырдап, тиричилик өткөргөн. 1930-ж. сабатсыздыгын жоюп, мугалимдик курста окуган. 1943-ж. чейин мугалим, 1943-45-ж. Магнитогорск металлургия заводунда жумушчу. Чыгармачылыгы 1930-жылдан башталып, колхозчулардын эмгегин, жыргал турмушун даңазалаган. «Эр Солтоной» (1959-ж.) элдик эпосун жазып басмадан чыгарган. Анда кыргыз элинин сырткы басып алуучуларга каршы жүргүзгөн күрөшү, элдик баатыр Солтонойдун эл-жерди коргоодогу эрдиги баяндалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1