Нарматов Абдышүкүр Исламович

Дин аалымы
Абдышүкүр Нарматов‎»‎ барагынан багытталды)

Абдышүкүр ажы Нарматов — 1968-жылы 8-февралда Баткен облусунун Кара-Бак айылында туулган. 1985-жылы орто мектепти бүткөн соң, 1986-1988-жылдары СССР куралдуу күчтөрүндө ага сержант катары кызматын өтөгөн. 1989-1993-жылдары Ташкенттеги Имам Бухарий атындагы Ислам институтун, 1993-2000-жылдары Каирде Аль-Азхар эл аралык Ислам университетинин Ислам укугу факультетин бүтүргөн. 2014-жылы юридикалык факультетте магистратураны артыкчылык менен бүтүргөн.

Абдышүкүр ажы Нарматов
Төрөлгөндөгү аты:

Абдышүкүр Исламович Нарматов

Ишмердүүлүк тармагы:

Дин аалымы

Туулган датасы:

8 -февраль 1968(1968-02-08) (56 жаш)

Туулган жери:

Кара-Бак айылы, Баткен облусу

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

2000-2003-жылдары “Азирети Умар” атындагы ислам институтунун ректору, 2003-2006-жылдары “Алтын муун” кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2003-2007-жылдары Азия мусулмандары комитетинин үгүт-насаат бөлүм башчысы, 2006-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан Ислам Университетинин ректору.

2000-2003-жылдары Бишкек шаарындагы борбордук мечитте 2003-2006-жылдары Бишкектеги Ата Түрк сейил багындагы Тайба мечитинде, 2009-жылдан ушул күнгө чейин 12-кичирайондогу Айша мечитинин минбарында Жума баяндарын жалпы жамаатка баяндап келет.

Ошондой эле 2001-2006-жылдары КТРде “Жума хутбасы” көрсөтүүсүндө, 2010-жылдан бүгүнкө күнгө чейин ЭлТР каналында “Жума баяны”, Манас жаңырыгы телевидениесинде “Жума хутбасы” көрсөтүүлөрүндө элге үгүт-насаат иштерин жүргүзүп келүүдө.

“Ислам негиздери”, “Бейиш жолу”, “Жашооңду өзгөрт”, “Өчпөс өмүр” китептеринин автору. Мындан башка жалпы мусулмандарга арналган маңыздуу жана таасирдүү үгүт-насаат камтыган дисктер жана кассеталардын автору.

Беш кыз эки уулдун атасы.