Абилов Болот Арипович (1963-ж. туулган, Фрунзе) педиатр, медицина илимдеринин доктору (2002). КММИни (1986), СССР МИАнын педиатрия ИИИнин аспирантурасын (1991) бүтүргөн. КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Лицензия-аккредиттөө комиссиясынын төрагасынын орунбасары, Бишкек шаарынын медицина акредиттөө комиссиясынын улук эксперти болуп иштеген. Ал 29дан ашык илимий эмгектин автору. Коомдук саламаттыкты сактоо боюнча адис.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1