Аболиционизм (лат. abolitio жоготуу, алып таштоо) 1) кандайдыр бир мыйзамды жокко чыгаруу үчүн болгон коомдук кыймыл; 2) 18-кылымдын аягы 19-кылымдагы АКШда негрлер кулчулугун жоюуга багытталган кыймыл. Кулчулуктан кутулуу үчүн АКШнын түштүгүндө негрлер кубаттуу көтөрүлүштөргө (1800, 1831) чыгышкан. Аболиционизм кыймылы америкалык кулчулукка каршы күрөшүү коому түзүлгөндөн (1833) тартып уюмдашкан түрдө жүрө баштаган. АКШдагы Граждандык согуштун (1861-65) натыйжасында Линкольндун өкмөтү козголоңго катышкан кул негрлерди жер ыйгарбай азат кылуу актысын кабыл алган; 3) 18-19-кылымда Улуу Британия, Франция жана башка бир катар Батыш өлкөлөрүндө колониялардагы кулчулукту жоюу үчүн кулач жайган күрөш.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1