Абытов, Байболот Капарович

Абытов Байболот Капарович - 1962-ж. Ош областынын Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган. Тарых илимдеринин доктору (2002-ж.), профессор (2010-ж.). 1979-ж. орто мектепти аяктап, 1980-82-жж. Советтик Армияда кызмат атаган.
1983-88-ж. В.И. Ульянов-Ленин атындагы Казан мамлекеттик университетинин тарых факультетинде билим алган. 1988-90-жж. Ош педагогикалык институнда окутуучу, 1990-93-жж. КМУУнун аспиранты, 1994-ж.

4-мартта тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын жактаган. 1994-2005-жж. ОшМУнун ага окутуучусу, доценти, кафедра башчысы, профессору. Мыкты педагог, чыгаан окумуштуу, иш билги уюштуруучу. Көптүгүн окуу-усулдук иштелмелердин, илимий макалалардын, окуу китептеринин автору. 5 симпозиумдун, 30 ашык эл аралык, чыгармачылык илимий-практикалык конференциялардын жана семинарлардын катышуучусу. 2002-ж. 17-октябрда «Оштун миң жылдык тарыхый булактарын иликтөө» - «Тысячелетняя история Оша: историко-источниковедческий анализ (IX - начало XX века) – аттуу темада доктордук диссертациясын ийгиликт коргогон.

Абытов Б.К. кыргыз тарыхнаамесинин булак таануу, «инсан таануу», «шаар таануу» («городоведение») багытына чыйыр салып зор салымын кошкон. Кыргызстанда эӊ биринчилерден болуп жогорку окуу жайында «Кыргыздардын тарыхый инсандары», «Эгемендүү Кыргызстандын саясий партиялары» - аттуу атайын курстарды окуу процессине киргизип, тиешел окуу-усулдук иштелмелер менен камсыз кылган. 200 ашык илимий эмгектери кыргыз, орус, англис, кытай, поляк, тажик, түркмөн тилдеринде жарык көргөн. Алардын ичинде 7 монографиянын, китептердин автору: «Ош шаарынын чыгаан инсандары». (орус тилинде. -Ош, 2000, 2,8 б.т.); «Ош: фактылар, окуялар жана инсандар» (орус тилинде. -Ош, 2000, 12,0 б.т.); «Кыргызстан тарыхынын кээ бир проблемалары» (орус тилинде. -Ош, 2001, 3,2 б.т.); «Тоо ханышасы Курманжан жана анын мезгили» (авторлор менен бирдикте, орус, ангилис жана кытай тилинде. –Бишкек, 2002, 22,5 б.т.; -Үрүмчү, 2005, 22,2 б.т.); «Кыргыздардын мамлекеттүүлүгүнүн: проблемалары, белгилери жана этаптары». Автордук лекциялар курсу. (орус тилинде, –Ош, 2003. 4,6 б.т.); «Өзгөн жазма булактарда (орто кылымдар жана жаңы доор)» (-Ош, 2008, 3,6 б.т.), «Өзгөн шаары соңку жаңы тарыхта (Кеңеш доорунун тарыхый булактары)» (-Ош, 2008, 3,2 б.т.), «Датка эне» (авторлор менен бирдикте. -Ош, 2011. 5,1 б.т.). Илимий жетекчи катары 5 аспирантты даярдаган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек, 2003
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”


Интернеттик шилтемелер түзөтүү