Аванса (фр. avance ) – белгилүү бир төлөм эсебине, же алдыдагы чыгымдар үчүн алдын ала берилүүчү акча өлчөмү, же баалуу мүлк. Аванса баа башы сыяктуу эле өз ара келишим түзүлгөндүгүнүн далили, бирок, анын иш жүзүнө ашышын камсыз кылбайт. Анткени, ал милдетти аткара албай калса, Аванса алган каражатты кайтарып берүүгө туура келет. Эгер макулдашууда көрсөтүлбөсө, КР жарандык мыйзамдарына ылайык, алдын ала төлөмдөрдүн баардыгы Аванса катары эсептелет.


Колдонулган адабияттар түзөтүү