Аварлар

Аварлар, апарлар‎»‎ барагынан багытталды)

Аварлар, апарлар. Күлтегин каза болгондо маркумдун элесине арналган жазууда кыргыз, табгач, тибет, курыкан элдери менен катар эскерилет. Улуу көч доорунда Аварлар Евразия талааларында, Карпат менен Дунайдын аралыгында орун алышкан. 9-кылымдарда Аварлар тарыхый аренадан кетип, Европадагы башка элдердин арасына сиңишет. Европада Аварлардын көрүстөндөрү жакшы изилденген. Алардын көпчүлүгү монголоиддик тектеги көчмөн калктар болушкан.

Айрым окумуштуулардын пикири боюнча Аварлар жуан-жуандардын тукумдары, экинчи бир божомолдоолордо Орто Азиядан чыгышкан. Венгрияда жана ага коңшу мамлекеттерде Аварларга таандык 20 миңге жакын көрүстөн табылган. Көрүстөндөгү буюмдарга ылайык Аварлардын башкаруу системасын баамдаса болот. Бийлик башында каган туруп, анын улуу аялы катун деп аталган. Мамлекеттеги бөлүнгөн жерди башкаруучуну тудун жана югур деп аташкан. Кагандын буйругу боюнча салыкты тархандар чогултушкан.

Алардын көпчүлүк бөлүгүн аскерлер түзгөн. Көрүстөндөрдө согуштук куралдар көп. Анткени, Аварлардын аскери ондук система боюнча түзүлгөн. Ак сөөктөрдү жана алардын бир туугандарын көрүстөндүн өзгөчө жеринде көмүшкөн. Мындай көрүстөндөрдөн алтындан жасалган буюмдар көп кездешет. Аварлардын негизги чарбасы – жарым көчмөн мал чарбачылыгы. Тиричилигинде жылкынын ролу жогору болгон, ошондой эле ири мүйүздүү мал, эчки, тоок багышкан. Аварлар византиялыктардын алтын тыйындарына окшотуп тыйын чыгарышкан.

Алар руна жазуусун билишип, айрым буюмдарга өз белгилерин (тамгаларын) түшүрүшкөн. Тили жөнүндө маалыматтар аз. Ал тууралуу кабарды жеке аттары, титулдары аркылуу болжойбуз. Аварларда бакшычылык, бутка сыйынуучулук, табынуучулук өкүм сүргөн. Эркин аскерлер 6–9-кылымдарда металл бастырмалар менен кооздолгон кемер курларды курчанышкан. Ушундай эле ыкма менен ат жабдыктары кооздолгон.

Кемер курдун алкагына өсүмдүк орнаменти, адам, алышып жаткан жаныбарлар келбети түшүрүлгөн. Жол башчылардын кылычтары алтын, катардагы жоокерлердики күмүш менен кооздолгон. Кээ бир үзөңгүлөрдүн сыртынан күмүш чабылган. Кыргызстандын аймагында хунн жана байыркы түрк мезгилине таандык айрым табылгалар Европада изилденген Аварлардын буюмдарына жакындыгы аныкталууда. Мисалы, Бишкек шаарынын түндүгүнөн табылган буюмдар менен Венгриянын Кунбабоны жергесинде табылган буюмдардын мезгили, жасалышы жана мүнөзү жакын.

Теңир-Тоодогу жылкы менен бирге көмүлгөн жоокерлердин көрүстөндөрү, европалык Аварлардын жылкы менен көмүлгөн жоокер көрүстөндөрү менен көп тараптуу окшоштуктарга ээ. Мындай жалпы окшоштуктар хунн, түрк мамлекеттери учурунда элдердин Улуу көч доорунда жалпы Евразиялык тарыхый, этномаданий процесстерге катышкандыгын белгилейт.

Адабият түзөтүү

  • Кыргыз тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов”
  • Ред. кеңеш: Ө.Ж Осмонов (төрага), Т.Н Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Жуманалиев ж.б.”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү