Авеста тили - (эскиче зенд тили) байыркы иран тилдеринин бири. Биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын биринчи жарымында зороастризмдин «Авеста» деген китептери ушул тилде жазылган. «Авестанын» тексттери адегенде оозеки колдонулуп, кийин кагазга түшүрүлгөн. Авеста тили эки диалектиден эски же гат жана кийинки «Авеста» диалектисинен турат. «Авеста» кол жазмасы 21 китепти түзөт. Бизге 4/1 бөлүгүндөйү гана жеткен. Байыркы заманда жана орто кылымдын башында «Авеста» Иранда, Орто Азияда, Азербайжанда, Афганстанда кеңири тараган. Авеста тилин парсызороастрийлер гана (Индияда) бүгүнкү күнгө чейин диндик литургиянын тили катары пайдаланышат. Авеста тили синтетикалык типтеги флективдүү тилдердин катарына кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1