Австралия Улуттук Университети
Австралия Улуттук Университети (англ. Australian National University; АУУ ) - Австралиянын борбору Канберра шаарында жайгашкан улукттук изилдөө университети болуп саналат. Анын негизги кампусу Эктондо жети окутуу жана изилдөө колледждери менен жайгашкан. Булардан тышкары бул университетте бир нече улуттук академиялык жана институттары бар.
1946-жылы негизделген жана ал Австралиянын парламенти тарабынан түзүлгөн жалгыз университет болуп саналат. Башында магистрлик окууга багытталган. Андан соң, АУУ 1960-жылы Канбера Университетинин Колледжи менен бириккенден баштап бакалаврга студенттерди кабыл ала баштаган. Канберра Университетинин Колледжи 1929-жылы Мельбурн Университетинин кампусу катары түзүлгөн. АУУда 10,052 бакалавр, 10,840 магистрлик студенттер окуйт жана 3753 кызматкерлер эмгектенет. АУУнун кайрымдуулук наркы 2012-жылы 1.13 миллиард Австралиялык долларды түзгөн
АУУ 2016-2017-жылкы QS World University Rankings рейтингинде дүйнөдө университтердин арасында 22-орунда (Австралиядагы биринчи университет), жана Times Higher Education рейтингинде дүйнөдө 47 (Австралиядагы экинчи университет) орунда турат. АУУ Times Higher Education тарабынан эң көп эл аралык студенттери бар наамы боюнча дүйнөдө 7-орунда турат деп белгилеген. 2016-жылы Times Higher Education Global Employability University Ranking тарабынан университтердин бүтүрүүчүлөрүнүн жумуш менен камсыз болуусун жыл сайын чыгаруучу рейтингинде дүйнөдөгү университтердин арасында 22-орунду (Австралияда биринчи орун) берген. АУУ CWTS Leiden рейтингинде 100-орунду (Австралияда 1-орунду) берген.
АУУнун бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдеринин арасында алты Нобель сыйлыгынын лауреаттары, 49 Родес стипендиясын алуучучулары бар. АУУну бүтүргөндөрдүн арасында эки премьер министр, 30 Австралиянын азыркы элчилери, жана көптөгөн Австралиянын мамлекетинин өкмөт башчылары бар.