Автоматташтыруунун техникалык каражаттары

Автоматташтыруунун техникалык каражаттары - технологиялык процесстин параметрлеринин өзгөрүшү жөнүндө текшерүүчү маалыматты алуу, берүү, өзгөртүү, сактоо, аны программалык маалымат менен салыштыруу жана буйрук маалыматын түзүү, буйрук маалыматын берүү жана технологиялык процесске таасир берүү үчүн аны колдонуу иштерин аткаруучу жабдыктар жана түзүлмөлөр. Маалымат кандайдыр физикалык чоңдук параметр сигналы менен шарттуу байланышта болгондо гана бул иштер аткарылат. Автоматтык башкаруу системасы үчүн сигнал катары энергетикалык (электр энергиясы, кысылган газдын же суюктуктун энергиясы, механикалык энергия) параметр алынат. Сигналдар үзгүлтүксүз (чыңалуу, ток, жыштык, фаза, басым, момент, ылдамдык, сызыктуу жылыш) жана импульс түрүндө (чыңалуунун же токтун амплитудасы, импульстун узактыгы, импульстун жыштыгы) болот. Маалымат алууда, берүүдө, өзгөртүүдө, салыштырууда, колдонууда сигналдар менен бир нече операцияны жүргүзүүгө туура келет. Операциялар автоматтык аппараттардын элементтери менен аткарылат. Элемент сигнал менен белгилүү операцияны аткаруучу жөнөкөй уяча. Кээде сигналдар менен бир нече операцияны жүргүзүүгө жөндөмдүү айкалышкан элементтер жасалат. Бир нече элементтин схемалык же схема-конструкциялык биригиши автоматтык түзүлмөнү берет. Операцияларды текшерүү, башкаруу же технологиялык процесстин параметрлерин жөнгө салуу үчүн, автоматтык түзүлмөлөр система түрүндө бириктирилет. Автоматтык түзүлмөлөр системасынын негизги түрлөрү булар:

  • 1) текшерүүнүн автоматтык системасы;
  • 2) башкаруунун автоматтык системасы;
  • 3) текшерүү маалыматын алуучу, аны иштетүүчү жана программа менен салыштырып технологиялык процесске таасир берүүчү командалык маалыматты түзүүчү түзүлмөлөрү бар автоматтык жөндөө системасы;
  • 4) текшерүүнүн телемеханикалык системасы;
  • 5) текшерүүнүн жана башкаруунун телеавтоматтык системасы;
  • 6) жөндөөнүн телеавтоматтык системасы;
  • 7) башкаруунун телемеханикалык системасы.

Текшерүүчү маалымытты берүүчү каражаттар билдиргичтен алынган сигналды өткөрүүчү байланыш зымкермесинен (линиясынан), сигналдарды берүүгө ылайыктуу формага келтирүүчү өзгөрткүчтөрдөн турат. Маалыматты иштетүүчү жана буйрук сигналдарын пайда кылуучу каражаттарга текшерилүүчү параметрлерди көрсөтүүчү, каттоочу, сигналдардын формасын өзгөртүүчү жана башка түзүлмөлөр кирет. Көп учурда ар түрдүү сигналдарды чогуу колдонуучу айкалыштырылган системаларды түзүүгө туура келет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1