Автооператор - (авто... жана оператор), автошуут металл кесүүчү станоктордун автоматташтырылган тес (станок) катарларында (линияларында) иштетилүүчү тетиктерди оңдоп түзөтүүчү жана багытка салуучу түзүлмө. Анын төмөнкүдөй түрлөрү бар:

  • 1) тестин автооператору көп операциялуу станокто аспапты автоматтык алмаштыруучу түзүлмө. Автооператор жумушту аткарып жаткан аспапты кысып, аны тесийиктен (шпинделден) чыгарып, анын ордуна башка аспапты коёт. Тесийиктеги ар бир аспаптын абалы автоматтык текшерилет. Аспапты алмаштыруу убакыты 5 секга жакын;
  • 2) гидроэлектр станциясындагы (ГЭС) автооператор ага кирген электр энергия системасынын жүктөлүшүнүн жана суунун кысымы менен сарпталышынын (режиминин) өзгөрүшүнүн натыйжасында ГЭСтин (режиминин) өзгөрүшүнө ылайык агрегаттарды жүргүзүүгө же токтотууга берилүүчү башкаруу импульсун камсыз кылуучу автоматтык түзүлмөлөр системасы.

ГЭСтин окшоштук түрүнө автооператордун башкаруу, агрегаттарды жүргүзүүнүн (токтотуунун) кезегин тандоо, кысым блоктору жана суу агыны менен кубаттуулук билгизгичтери кирет. Башкаруучу ЭЭМдүү ГЭСтин автооператорунун санариптик түрүндө агрегаттардын мүнөздөмөлөрү жана башка берилмелер ЭЭМдин эсинде программа түрүндө сакталат. Ошондуктан агрегаттардын иштөө режими оптималдуулукка жакындап, ГЭСти оператордук башкарууга жетишилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1