Күлүйпа Агыбаева

Агыбаева Күлүйпа‎»‎ барагынан багытталды)

Агыбаева Күлүйпа Оймочу жана бычмачы-тикмечи. 1928-ж. Чүй районундагы Кош-Коргон айылында төрөлгөн.

Бишкек педагогикалык окуу жайын, мугалимдер институтун, Ош педагогика институтунун филология факультетин бүтүргөн. Мектепте мугалим, директор болуп иштеген. Күлүйпа кийиз, курак буюмдарын, элдик кийим-кечектерди, шири идиштерин жасоого айрыкча назар таштайт. Оймочулукту аздектейт. Өнөрүнүн башатына энеси Сарыгул кызы Кенжекенин таалими зор. Анын шырдактарынын чет оюмдары, адатта «мүйүз оюмунун» үстүнөн «карга тырмак оюму» чыгып өзүнчө жүрөкчөнү пайда кылат. Ал борбордук оюм (ортолук оюм) менен «аламыч» аркылуу каты шат. Оймочу кийиз «кош кыял оюмун» да пайда кылды. Мунун учтары «бармак бооч оюму» сымал ичке, учтуу алынат да, ортосунан «карга тырмак оюму» чыгат. Башкаларда кездешпей турган бул кооздук «Күлүйпанын кош оюму» катары таанылган. Анын аягынан «кочкор мүйүз оюму» чыгат. Уз колтук оюмдары үчүн «жагалмай санат оюмун» арбын пайдаланат. Күлүйпа шырдактын түрлөрүн да мыкты билет. Ал Таластын баттама шырдагы (мында жээк кошо шырылып, ортолоруна бат жасалат. Ал кийиз менен кийизди кармайт.), Чүйдүн жээк басуу шырдагы (мында эндей шырдак астынан алып, жалаң жөрмөйт. Ал кийиз ичинен жээк болуп түшөт.), Нарын шырдагы (милте менен оюм араларын бириктирип алып, оюмдун ичи шырык жип аркылуу шырылат да, ичине кара кийиз беттелет.). Кийиз бышык уютулушу үчүн аны тепкилөөгө айрыкча назар таштайт. Тепкилөөдө кийиз катуу кирет. Билектөөдө кийиз катуу болот. Чебер сарыны (албайы), караны (ымырт), акты (кылаан) оюм араларына айкалыштыра алат. Боёкту коруштоодо уз эрменди (боёктун түсүн чыгарууда эңгилчекти да коруш катары пайдаланат) кайнатып, сары суусун тундуруп, ага түстөрдү салат. Ага кичине туз кошот. Күлүйпанын шакирттери: Айылчиева Элмира (Ош пединститутунда окутуучу), Казакбаева Шапай, небереси Закиров Зарылбек. Сүрөтү түстүү баттамада. Катышкан көргөзмөлөрү, кароо-сынактары жана алган сыйлыктары 1982-ж. СССРдин 60 жылдыгына карата «Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн республикалык I кароо-конкурсу». Кийиз буюмдары үчүн Кыргызстан КП БКнын жана Кыргыз ССР Министрлер Советинин Грамотасы; 1984-ж. Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Компартиясынын 60 жылдыгына карата «Элдик чеберлердин көркөм буюмдарынын республикалык II кароо-конкурсу». Баш кийимдери жана шырдагы үчүн «Алтын колдуу чебер» деген диплому; 1990 ж. «Кыргызстан Сүрөтчүлөр союзунун жасалга-колдонмо өнөрү боюнча көргөзмөсү». Шырдактары Москва, Ташкент, Италияга экспонатталган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Акматалиев A. Кыргыздын уз-усталары: Антология/Башкы ред. А. Карыпкулов; сүрөтчүлөрү Д. Чочунбаева, Г. В. Половникова. — Б.: КЭнин Башкы редакциясы, 1997, — 240 б. ISBN 5-89750-080-0