Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясы

Адам укуктарынын жалпыга бирдей декларациясы - 1948-ж. 10-декабрда БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан адам укуктарынын негизги мыйзамы катары кабыл алынган эл аралык документ. Декларациянын жоболору көп өлкөлөрдүн констптуция жана мыйзамдарына киргизилген. Ал кириш бөлүмдөн жана 30 статьядан турат. Декларациянын биринчи эки статьясында адамдын расасы, жынысы, тили, дини, улуту, саясий жана башка көз караштарына карабастан эркиндигин жана теңдигин жарыялаган. 3-21-статьяларында экономикалык, социалдык жана маданий укуктары, 28-30-статьяларында ар бир адамдын коомчулук алдындагы милдеттери тууралуу айтылат, ошондой эле Декларациядагы адам укуктарын ишке ашырууга багытталган коомдук жана эл аралык шарттар бекитилген. «Декларацияда ар бир адамдын кадыр-баркын, теңдигин, укугун таануу эркиндиктин, адилеттиктин жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыктын негизи болот» деп жарыяланган. Декларацпяда ар бир адам жашоого, эркиндикке, керт башына эч кимдин тийбестигине укуктуу экендиги көрсөтүлүп, алар анын башка жоболорунда да толукталган: «Эч ким кулчулукка же эрксиз абалда болбоого, бирөө тарабынан кыйноого же адамдык беделди кемсинтүүчү ырайымсыз, катаал мамилеге, жазага кириптер кылынбоого, зомбулук менен кармалбоого, куугунтукталбоого тийиш». Адамдын жеке жана үй-бүлөлүк турмушуна, турак-жайына, кат жазышуунун жашырындуулугуна эч кимдин тийүүгө укугу жок, ар бир адам ар-намысы менен беделин коргоого укуктуу жана ал адилет сот тарабынан корголууга тийиш, ошондой эле адамдын саясий, жарандык укуктары, эркиндиги жөнүндө да айтылган. Алар: ой-пикирдин эркиндиги, динге ишенүү-ишенбөө, каалаган динди тутуу, көз караштын эркиндиги жана аны эркин билдирүү, чогулуш өткөрүүгө, бирикме, союз түзүүгө, ар бир адамдын жалпыга тең, жашыруун добуш менен шайлоого, өз өлкөсүнүн башкаруу ишине катышууга, бир жактан экинчи жакка көчүп барууга жана жашоо үчүн өзүнө жер тандоого, баш калкалоого, жарандуулукка, мүлк күтүүгө укуктуу. Декларацияда көрсөтүлгөн адам укуктарынын бардыгынын негизинде тең укуктуулук принциби жатат. 10-декабрь жыл сайын адам укуктарынын күнү катары белгиле.

  • 1