Адаптация зонасы -

  1. өзгөчөлөнгөн экологиялык шарттарга мүнөздүү тиричилик мейкиндигинин белгилүү бир тиби (мисалы, деңиз, тузсуз суулар, кургактык, топурак). Бул тиричилик топторунун жашоо чөйрөсү болуу менен бирге, аларда адаптацияны пайда кылат;
  2. белгилүү бир организмдер топторун мүнөздөөчү адаптациялык жөндөмдүүлүктөрүнүн жыйындысы (мисалы, канаттуулар классы, жыландар түркүмү жана башка). Адаптация зонасынын алмашышы менен макроэволюциялык кайрадан түзүлүүлөр жүрөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1