Адиабаттык процесс – системада тышкы чөйрө менен жылуулук алмашпастан өтүүчү термодинамикалык процесс.

Адиабаттык процесс жылуулук алмашпоочу (адиабаталык) системаларда болот. Мис., тышкы чөйрө менен жылуулук алмашууга үлгүрбөөчүдөй болгон, б. а. өтө тез өтүүчү процессти, о. эле жылуулук өткөрбөөчү цилиндрде газдын тез кеңейишин (же кысылышын) Адиабаттык процесс деп кароого болот. Адиабаттык процесс кайталанышы (к. Кайталанма процесс) жана кайталанбашы (кайталанбоочу процесс) мүмкүн. Кайталанма Адиабаттык процессте энтропия турактуу мааниге ээ болот, ал эми кайталанбоочу Адиабаттык процессте жогорулайт. Ошондуктан кайталанма Адиабаттык процесс изоэнтропиялык процесс деп аталат. Адиабаттык процесс негизинен системанын ички энергиясынын өзгөрүшүнө, системага карата же системанын тышкы чөйрөгө карата аткарган жумушуна көзкаранды.

Колдонулган адабияттар түзөтүү