Шаршенбай Адиев

Адиев, Шаршенбай‎»‎ барагынан багытталды)

Адиев Шаршенбай (9.5.1928-ж. т., Кочкор району, Кош-Дөбө айылы) — Кыргыз Республикасынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери (1978).
1950-ж. Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн.
1950—52-ж. Кочкордо окуу бөлүмүнүн башчысы, 1952—66-ж. Кыргыз окуу педмамбаста редактор, улук редактор, редакция башчысы, 1966—88-ж. Кыргыз мамлекеттик басма сөз комитетинде жетектөөчү редактор, бөлүм башчы.
10дон ашык окуу китептеринин (кыргыз тили жана адабияты боюнча), усулдук окуу куралдарынын автору. Көптөгөн көркөм чыгармаларды, илимий-популярдуу жана башка китептерди которгон.
СССРдин басма сөз (1974), СССР Маданият министрлигинин (1969), Кыргыз Республикасынын эл агартуу отличниги 1972). Медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.