Адыгэлер - эл, Адыгэ Республикасынын жергиликтүү калкы. Орусиянын Краснодар крайында, ошондой эле Түркия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө да жашашат. Жалпы саны 128,5 миң адам, анын 108,1 миңи Адыгэде, 15,8 миңи Краснодар крайында (2002). Адыгэ тилинде сүйлөшөт. Адыгэлердин этностук негизин абадзех, бесленей, бжедуг, жаней, егерухай, мамхег, махошей, натухай, темиргой, хатукай, шапсуг, хакучтар түзөт. Дини мусулман-суннит. Скиф, сармат жана алан урууларынын аралашканына карабастан адыгэлер түндүк-батыш Кавказдын байыркы калкы бойдон кала берип, 13-14-кылымда алардын бир бөлүгү (кабардиндер) Терек дарыясынын алабына барып жайгашкан, ал эми Кара деңиздин жээгинде, Кубанда калгандары (черкестер деген ат менен белгилүү) азыркы адыгэлердин калыптанышына алып келген. Алар негизинен дыйканчылык, мал чарбачылык жана багбанчылык менен кесип кылышат. Эркектери бешмант, черкеска, шаровар, бурка, башлык, папах кийишип, белдерине кур курчанышкан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт, сүт, дан азыктары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1