Султан Адылов

Адылов Султан‎»‎ барагынан багытталды)

Адылов Султан - (1934-2021), Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Желе-Дөбө кыштагында туулган - химик, химия илимдеринин кандидаты (1964), профессор (1991). КРнын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2000). Москвадагы Д. И. Менделеев атындагы МХТИни (1957), СССР ИАнын Топчиев атындагы нефть-химиялык синтез институтунун аспирантурасын (1963) бүтүргөн. ФПИде улук мугалим, доцент, 1969-жылдан КМУнун органикалык химия кафедрасынын башчысы. Илимий багыты бирикмелерди синтездөө жана изилдөөгө арналган. 80ден ашык илимий эмгектери, анын ичинде монографиясы, 9 окуу китеби жана окуу куралдары бар. Ж. Баласагын атн. сыйлыкты алган (1998). Эмгектери: Сульфидообразование в условиях электроэрозии металлов (соавторстве). Фр., 1989; Органикалык химия (авторлош). Б., 1991; Органикалык бирикмелерди кычкылдандыруу ж-а калыбына келтирүү реакциялары. Б., 1991;. Органикалык химия (авторлош). Б., 1997; Органикалык химия курсу (авторлош). Б., 2003.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1