Токон Ажимудинов

Ажимудинов, Токон‎»‎ барагынан багытталды)

Ажимудинов Токон (29.4.1936-ж. т., Ат-Башы району, Ак-Муз айылы) — Кыргыз Республикасынын билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкери (1995), физика-математика илимдеринин кандидаты, доцент.

1957-ж. КМУнун физика-математика факультетин бүткөн.
1958—60-ж. КМУда математикалык анализ кафедрасынын ассистенти, I960—63-ж. Ташкент мамлекеттик университетинин аспиранты, 1963—64-ж. КМУда электрондук эсеп кафедрасынын улук окутуучусу, 1964—69- ж. Ош педагогикалык институтунун жогорку математика кафедрасынын башчысы, физмат факультетинин деканы, 1969—83-ж. Фрунзе политехника институтунун кечки жана сырттан окуу иштери боюнча проректору, 1983—88-ж. Ысык-Көл пединститутунун ректору, 1988—92-ж. Бишкек политех, институтунун даярдоо факультетинин деканы, 1992-жылдан Кыргызстан архитектура-курулуш институтунда даярдоо борборунун директору.
50гө жакын илимий эмгектин автору. Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги, медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.