Азимов Розу - (22. 9. 1925-ж. туулган, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Кызыл-Мехнат кыштагы) Советтик Союзунун Баатыры (1944). Кыргызстан КП БКга караштуу республиканын партиялык мектепти (1951), Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын (1965) бүткөн. 1943-ж. Ташкендеги аскер окуу жайынан Беларуссия фронтуна жөнөтүлгөн. 1944-ж. 23-июнда немецтик-фашисттик армиянын Витебск багытындагы коргонуу линиясын түндүк-батышынан бузуп өтүүдө жолдошторун эр жүрөктүүлүк менен чабуулга баштап барган. Ал баштаган жоокерлер 1944-ж. 25-июнда батыш Двина дарыясынан биринчилерден болуп өтүп, Витебскинин түштүгүнөн чабуул коюп бараткан 3-Беларуссия фронтунун жоокерлери менен жолугушкан. Ошондо душман аскерлерин курчоого алып, талкалоодо эрдик көрсөткөндүгү үчүн Азимовго Советтик Союздун Баатыры наамы берилген. Согуштан кийин колхоздун башкармасынын төрагасынын орун басары, майыптар үйүнүн директору жана башка кызматтарда иштеген. Ленин, 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1