Азыков, Кулия Казакбаевич

Азыков Кулия Казакбаевич (10.8.1911, Кочкор району, Талаа-Булак айылы — 10.8.1980, Бишкек ш.) — Кыргыз ССРнин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976), Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген агроному (1962). Экономика илимдеринин кандидаты (1960).
1932-ж. Орто Азия пахта институтун (Ташкен) бүткөн.
1933—39-ж. Кыргызстан жогорку коммунисттик айыл чарба мектебинде мугалим, 1939—45-ж. Улуу Ата Мекендик согушка катышкан, 1946—63-ж. агроном, Кыргыз ССР айыл чарба министринин орун басары, Кыргыз ССР Министрлер Советинин иш башкаруучусу, Республика айыл чарба көргөзмөсүнүн директору, Ысык-Көл облустук айыл чарба башкармасынын начальниги, 1963—80-ж. Кыргызстан дыйканчылык илимий-өндүрүш бирикмесинин директору жана генералдык директору болуп иштеген.
70тен ашуун илимий эмгектин автору. Илимий ишинин негизги багыты дыйканчылык жана мал чарба продуктуларын өстүрүү боюнча, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, 2 "Ардак Белгиси" ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Адабият түзөтүү

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.