Касымалиева, Аида

Аида Касымалиева‎»‎ барагынан багытталды)

Аида Касымалиева - кыргызстандык журналист, VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.

Аида Касымалиева "Азаттык" үналгысынын сыналгы берүүсүн алып барууда. Бишкек, Кыргызстан

Кыскача өмүр таржымалы түзөтүү

1984-жылы 7-августта Кыргызстандын Ош шаарында туулган.

Ош шаарындагы Гагарин атындагы гимназия-орто мектебин (1991 – 2001) артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн. Бишкек гуманитардык университетинде (2001-2005) журналистика адистигинде билим алып, кызыл диплом менен аяктаган.

Эмгек жолу түзөтүү

2004 – 2008-жылдары "Азаттык" үналгысынын «Азаттык+» жаштар радио программасынын координатору жана «Азаттык+» жаштар телепрограммасынын автору жана алып баруучусу, продюсери болуп эмгектенген.

2008-2019-ж.ж. Согуш жана тынчтыкты чагылдыруу боюнча Британиялык институтунун (IWPR) Кыргызстан жана Казакстан боюнча редактору.

2010-2012-ж.ж. "Азаттык" үналгысынын «Ыңгайсыз суроолор» телепрограммасынын алып баруучусу, мультимедиа продюсери.

2012-2013-ж.ж. "Азаттык" үналгысынын Москвадагы өз кабарчысы,

2013-2014-ж.ж. "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги жана Чехиянын борбору Прагадагы Башкеңсесинде кабарчы болуп эмгектенген.

2014-ж. НТС ТРКсы, башкы продюсери.

2015-ж. Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын (кыскача КТРК), «Ой ордо» ток-шоусунун алып баруучусу.

2017-ж. 29-декабрь. КСДП фракциясынан Жогорку Кеңешинин депутаты.

2018-жылдын 26-декабрынан бери Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин мүчөсү.

Эмгектери түзөтүү

«Тарыхтын татаал ашуулары», «Эрте кеткен турналар», «Москвада калган ый» документалдык фильмдеринин автору.


Сыйлыктары түзөтүү

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ардак грамотасы – 2017, Бишкек, Кыргызстан;

“Аялдарга жана кыздарга көрсөтүлгөн зордук-зомбулук боюнча жымжырттыкты бузуу” сынагынын алкагында эрте турмуш куруу жөнүндөгү “Эрте кеткен турналар” аттуу документалдык фильми үчүн биринчи орун - 2016, Бишкек, Кыргызстан

“Жыл ачылышы” атайын сыйлыгы - «Бир дүйнө» кинофестивалында мигрант аялдар жөнүндөгү фильми үчүн - 2012, Бишкек, Кыргызстан

Developing Asia Journalism Awards – 2006 Эл аралык сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү/ Манила, Филиппин

Developing Asia Journalism Awards – 2006 Эл аралык сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү /Токио, Япония

КР дин Президентинин “Үмүт” стипендиясынын ээси - 2004, Бишкек, Кыргызстан


Интернеттеги шилтемелер түзөтүү