Айдаркен (байыркы кыргызча: 𐰀𐰖𐰑𐰀𐰺𐰚𐰀𐰤) — Баткен облусунун Кадамжай районундагы шаар. Ал Айдаркен сымап кенинин өздөштүрүлө баштаганына байланыштуу 1942-жылы отурукташкан. Аты окшош өрөөндө деңиз деңгээлинен 1980 м бийиктикте, Кызыл-Кыя - Баткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыштагынан 45 км түштүк-батыш, облустун борбору Баткен шаарынан 55 км түштүк-чыгыш тарапта. Калкы 10,4 миң (2009). «Айдаркен сымап комбинаты» акционердик коому иштейт. Үч орто мектеп (кыргыз, орус жана тажик тилдеринде), музыкалык мектеп, 4 китепкана, оорукана, медициналык үй-бүлө борбору, дарыкана, маданият үйү бар. Шаарга жакын жерден сымап кени казылып алынат.

Айыл
Айдаркен
Айдаркен
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Баткен облусу
Район Кадамжай району
Координаттар 39°56′N 71°20′E / 39.933°N 71.333°E / 39.933; 71.333Координаттары: 39°56′N 71°20′E / 39.933°N 71.333°E / 39.933; 71.333
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 10 331 [1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Айдаркен (Кыргызстан)
Locator Dot2.gif

КалкыОңдоо

Калкы - 10 331 киши.[1]

БулактарОңдоо

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орус.). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 Ноябрь (Жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 Август (Баш оона) 2011.