Айдаркул Каана (1953-жылы туулган, Чүй облусу, Ысык - Ата району, Юрьевка айылы) – заманбап кыргыз тарыхчы айымдарынын бири, тарых илимдеринин доктору (1994), профессор (1997), милициянын полковниги.

Кыскача өмүр таржымакалы түзөтүү

Каана Айдаркул 1953-жылы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Юрьевка айылында туулган.

Орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Кыргыз Улуттуу университетинин) тарых факультетине окууга тапшырган. Студент кезинен илимий жыйындарга катыша баштаган.

1976-жылы КМУнун тарых факультетин бүтүргөн.

1976-жылдан В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер институтунда лаборант, окутуучу, доцент, профессор кызматтарында иштеди.

1996-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында кафедранын начальниги.

Коомдук ишмердиги түзөтүү

Кыргызстандагы аял-милициялардын Ассоциациясынын президенти (2010).

Илимий-агартуучулук ишмердиги түзөтүү

Эмгектери негизинен эл аралык мамилелер тарыхын, политология маселелерин изилдөөгө багытталган.

40тан ашуун илимий эмгектери, анын ичинде бир канча монографиясы жарыкка чыккан.

Илимий жетекчилиги түзөтүү

Даражалары. Сыйлыктары. Наамдары түзөтүү

Тарых илимдеринин доктору (1994).
Профессор (1997).

Эмгектеринин чакан тизмеси түзөтүү

  • Каана Айдаркул. Международные отношения кыргызов и Кыргызстана: история и современность. - Бишкек, 2002. - 342 стр.

Адабият түзөтүү

Кыргыз тарыхы.Энциклопедия. Бишкек: “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети”, 2003. (“Башкы ред. Ү.А. Асанов, жооптуу ред. А. А Асанканов).

Интернеттик шилтемелер түзөтүү