Айлануу, айландыруугеометриялык өзгөртүүнүн бир түрү. Ал тегиздикте жана мейкиндикте каралат. Тегиздиктин ар бир М чекитин кыймылсыз О борборунун айланасында берилген бурчуна карата ОМ = ОМ', МОМ' = болгондой М' чекитине чагылдыруу чекиттин айланасында айландыруу деп аталат. Ал эми мейкиндикте айландырууда айландыруу огу деп аталуучу Ɩ түз сызыгына карата мейкиндиктин ар бир М чекити, М аркылуу өтүүчү жана Ɩге перпендикуляр болгон П тегиздигинде жатуучу М' чекитине чагылдырылат.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Математика: энциклопедиялык окуу куралы/ Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, - 2004