Айнек куму - айнек чыгарууга пайдалануучу кварцтуу кум. Айнек кумунун таза сортторунда кремнийдин кош кычкылы SiO2 99,5-99,9% ке жетет. Айнек кумунда кремнийден башка алюминий, кальций, магний, калий жана натрийдин кычкылдары да болот. Эгер айнек кумунда темир менен хромдун кычкылдары жана органикалык заттардын кошундулары болсо, тунук айнек жасоого зыянын тийгизет. Айнек чыгарууда кварцтуу кумдун 0,2-0,5 мм өлчөмдөгү бүртүкчөлөрү 85-90% болушу зарыл. Кыргызстанда Сөгөттү кварц куму кени менен Сүлүктү кварц куму кени Айнек кумунун ири кендерине кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1