Айтбаев Кубаныч Авенович

Айтбаев Кубаныч Авенович (1940-ж. туулган, Ош облусу, Өзгөн району, Курбаш айылы) - физиолог, медицина илимдеринин доктору (1990), профессор КРнын саламаттык сактоосуна эмгек сиңирген ишмер (2000). КММИни (1965), СССР МИАнын аспирантурасын (1973) бүтүргөн. Кыргызстан кардиология ИИИнда улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы. Илимий иштери патологиялык физиология, биохимия, теориялык кардиология, медициналык генетика, экологияга арналган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1