Айт уулу Түлкү баатыр

Айт уулу Түлкү баатыр болжол менен 1705-1710-жылдары туулган. Жаштайынан кыргыз-калмак согуштарына активдүү катышып, көрсөткөн эрдиктеринен улам элдик баатыр аталган. Мындан тышкары, жаш чагында чоң атасы Итэмген баатырдын жолун жолдоп, жолборс чаап, кыргыздын жолборс чапкан саналуу баатырларынын катарын толуктаган. Бийликти атасынан мурастап калып, узак жылдар бою Жумгалда саяк уруусунун башкы бийи болгон.
Айтылуу Санчы сынчыга кыргыздан кыз сынатып, мыкты уулдарды төрөп бере турган 13-14 жаштардагы кызды алган. Сынчы Түлкү баатырга баатыр уулдарды төрөп бере турган кызды көптөгөн аймактардан издеп жүрүп, акыры Тогуз-Тородон тапкан. Ал Түлкү баатырга кызды мындайча сынап берген: “Баатыр, Кудай берет деген ушул. Издегеним табылды. Бул кызды: “ ургаачынын өөк сырттаны, бөрү жатын, алтын согончок”- деп айтабыз. Байкасаң жатканында эки колу тизелеринен билегине чейин ашып калат. Бул тирикарак кызды аялдыкка алсаң, андан: эч нерседен коркпогон , элеңдеп жортпогон, көзү чаар, өңү заар көк жал туулат. Ач арстан, баш койкоӊ туулат. Кийинки туулган экөөнүн тукуму, мурунку экөөнүн тукумуна букара болот. Жергеси көбөйүп бир өзөнгө ээ болот”.
Сынчынын бул айткандары жаздым кеткен эмес. Ал кыз Түлкү баатырга: Качыке, Кедей Ажыбек, Шайыбек деген төрт уул төрөп берген. Качыке атактуу баатыр болуп, калмактарды кыргыз жеринен сүргөн акыркы баатырлардын бири катары тарыхта калды. Кедей да өз заманында элге алынган инсан болгон. Анын бий болгондугу да айтылат. Качыкенин 13 уулу болуп, алардын ичинен өзүн тартып баатыр болуп чыкканы Эраалы. Ал эми кадимки Жаркымбай уулу Байзак баатыр Качыке баатырдын бир тууганы Кедейдин чөбөрөсү болот. Түлкүнүн экинчи аялынан: Карагул, Көккөз. Ошону менен Түлкүнүн 6 баласынан тарагандар бүгүнкү күндө абдан көп.
1758-жылы түндүк кыргыздарынын башкы бийи –Үчөкө уулу Маматкул сарбагыштардан Черикчи Темир уулун, саяктардан Түлкү баатырды, Шербек Жакшыбай уулун, солтодон Нышаа Кудайменде уулун, кытай уруусунан Каработо бийдин тууганы, Майтыктын уулу Шүкүрдү ж.б. Пекинге, Цин империясына, ошол кездеги император Цянь-Лунга элчиликке жөнөткөн. Кыргыз элчилери императорго жолугушуп, Кытайдын согуштук өнөрү менен таанышып, кызматташуу, чек араны тактоо тууралуу кеп кылышкан. Кыргыз-кытайдын алгачкы саясий дипломатиялык мамилесин түптөөгө катышкандыгы үчүн Кытай бийлиги Түлкү бийге ж.б. дагы 3-даражадагы чиндик белги ыйгарган. Түлкү баатырдын өлгөн жылы так эмес. Даӊазалуу баатырдын болжол менен 1760-жылдардын баш жагында, дагы бир маалыматта 1770-жылдардын тегерегинде дүйнө салгандыгы айтылат. Анын сөөгү Жумгалдын Байзак айлына жакын жерге коюлуп, күмбөзү (сырттан усталар келип салышкандыгы айтылат) ал мезгилден бери эки жарым кылымдын тегерегинде мезгил өтсө да, бүгүнкү күндө да белгилүү болуп сакталып келатат.

Заготовка статьи Бул бүтүрүлбөгөн, сомдомо макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап долбоорго жардам бере аласыз.