Академизм – көркөм  искусствосунун кээ бир багыттарына таандык баалоо термини. Бул багыттын өкүлдөрү мурдатан келе жаткан жана турукташкан көркөм баалуулуктарды (авторитеттерди) бекем тутушат; азыркы замандын көркөм искусствосунун прогресси (алга жылуусу) анын турмуш менен жандуу байланышында эмес, өткөн замандын көркөм искусствосунун формалары менен идеалдарына чукул жакындоосунда деп эсептешет; сулуулуктун мезгил менен орунга баш ийбеген абсолюттуу нормаларын жакташат. Тарыхый жактан А. италиялык кайра жаралуу жана байыркы антик көркөм искусствосунун үлгүлөрүн кыйшаюусуз өөрчүткөн жаш сүрөтчүлөрдү тарбиялап чыгаруучу көркөм окуу жайлары — академиялар менен тыгыз байланышта болгон. XVI кылымда Болония академиясында алгач пайда болуу, бул салт кийинки мезгилдеги академияларда кеңири өнүккөн. XIX кылымдагы орус көркөм Академиясына да А. менен алдыңкы реалист – сүрөтчүлөр күрөшүп келишкен. Классицизм ыкмаларын жана сюжеттерин үлгү кылуу менен А. көркөм искусствону өз заманынан обочолонтуп, баалуулуктарын пас, начар нерсе катары көрсөтүү менен аны «жогорку» көркөм искусствого татыксыз деп жарыялаган. А. түшүнүгүн өткөн замандын көркөм академияларынын иштери менен толук окшоштурууга болбойт. Академиялык билим берүү системасынын көп татыктуу жактары болгон, б. а., академиялык билим берүүнүн эң күчтүү жактарынын бири жана эчактан бери келе жаткан салттарга негизделген жогорку сүрөт маданияты болуп эсептелген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү