Атантай Акбаров

Акбаров, Атантай‎»‎ барагынан багытталды)

Атантай Акбаров - обончу, акын. Чаткал районунун Жаңы-Базар айылында 1960-жылы 27-майда туулган.

Акбаров Атантай

1979-1983-жж. Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун филология факультетинен билим алган.

Эмгек жолун 1977-1979-жж. айылдык клубда методист болуп иштөөдөн баштаган.

1983-1989-жж. Оштогу тарых-край таануу музейинде экскурсия жетекчиси, райондук «Чаткал оттору» гезитинде бөлүм башчы, редактордун орунбасары.

2000-жылга чейин «Адабият» басмасында редактор, «Бишкек шамы», «Асаба», «Нуска», «Ак бата», «Аалам» гезиттеринде кабарчы, баяндамачы, редактордун орунбасары кызматтарын аткарган.

«Ак калпак» менчик гезитинин редактору.

2000-2001-жж. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияда редактор болуп иштеген.

А.Акбаров 2001-жылдан бери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын Котормо, редакциялоо жана лингвистикалык кызмат бөлүмүндө консультант, улук консультант, эксперт болуп иштеп келатат.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Акын тунгуч “Аргымак” ырлар жыйнагы менен өзүн новатор акын катары көрсөтө алган. “Кудайга жазылган каттар” ыр топтомдору жана “Кудайдын ыры” поэмасы кыргыз поэзиясындагы алгачкы неопостмодернисттик үлгүдө чыгармалардан саналат. “Аргымак” ырлар жыйнагы Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Бирлигинин Алыкул Осмонов сыйлыгына жана республикалык Молдо Нияз атындагы сыйлыкка татыктуу болгон.

Андан кийин жарыкка чыккан “Тирүү Мекен”, “Письма к Богу”, “Жүрөгүм сынды таңа албайм” жыйнактары неопостмодернисттик агымды андан ары тереңдеткендиги, “Ыйман экологиясы”, “Жан дүйнө космосу”, “Адам руху – чексиздиктин борбору” сыяктуу акындын жаңы өңүттөгү изденүүлөрү, өзгөчө табылгалары менен баалуу.

А. Акбаров Түркия Жазуучулар Бирлигинин Баки (Махмуд Абдулбаки) атындагы (2008), Казакстандын Кадыр Мырзали атындагы, ТүркСОЙдун Абай Кунанбаев атындагы сыйлыктарынын лауреаты. Акын ТүркСОЙ эл аралык уюму өткөргөн “Беш акын” телесынагынын да жеңүүчүсү жана Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк уюмунун алтын медалынын (Женева) ээси. Ал прозалык чыгармалары үчүн Россия Федерациясынын А.Чехов атындагы сыйлыгынын дагы жеңүүчүсү болгон. Анын ырлары Кыргыз поэзиясынын жана Түрк тилдүү элдердин поэзиясынын антологияларына эки ирет басылып чыккан. Мектептин окуу программаларына киргизилген жана дүйнөлүк бир нече тилдерге которулган.

Акын Атантай Акбаров “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”.

2022-жылы Атантай Акбаровдун 100 ырдан турган китеби түрк тилине которулуп, “Энелер жердеги периштелер” деген аталыш менен Түркия жергесинен жарыкка чыгарылды.

А. Акбаров обончу катары да элге белгилүү. Анын “Көзүңдү сүйдүм”, “Ала-Тоо”, “Досторум”, “Балалык”, “Жүрөк майрам” жана башка обондору белгилүү ырчылар жана топтор тарабынан байма-бай аткарылып келет.

1987-жылдан тартып СССР Журналисттер, 1993-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде

Аргымак: Ырлар жана поэмалар - Б.: Адабият, 1990.

Кудайдын ыры: Ырлар жана поэмалар - Б.: Эркин-Тоо, 1999. - 150 б.

Тирүү мекен: Ырлар жана поэмалар. - Б.: Басма тамга, 2008. - 282 б.

Жүрөгүм сынды таңа албайм: Ырлар жана поэмалар. - Б.: Турар, 2016. - 282 б.


Орус тилинде

Письма к Богу: Ырлар жана поэмалар. – Б: Улуу тоолор, 2012. – 150 б.


Түрк тилинде

Энелер жердеги периштелер: Ырлар. – Түркия, 2022. – 150 б.


Обондору:

Көзүңдү сүйдүм: с., о. А. Акбаров. Аткаруучулар: А. Акбаров, А. Иманалиева, Кайрат кыргыз, “Айкөл” тобу.

Ала-Тоо: с., о. А. Акбаров. Аткаруучулар: А. Акбаров, “Достор” тобу.

Досторум: с., о. А. Акбаров. Аткаруучулар: А. Акбаров, “Достор” тобу.

Сага: Дует – с. А. Акбаров, о. Ө. Калыева. Аткаруучулар: А. Акбаров/Ө. Калыева.

Балалык: Дует. – с., о. А. Акбаров. Аткаруучулар: Ө. Калыева/К. Акбарова, Э.Асылбекова/кызы ж.б.

Жүрөк майрам: с., о. А. Акбаров. Аткаруучу: А. Акбаров.

Жар-жар-ай: Дует – с. Ө. Калыева, о. А. Акбаров. Аткаруучулар: А.Акбаров/Ө.Калыева

Колдонулган адабияттар түзөтүү